«Нарын» ишканасы өз каражатына «Куланак» ГЭСин курат

Министрлер кабинети «“Нарын” өндүрүштүк ишканасына» Нарын облусунда «Куланак» гидроэлектростанциясын куруу укугун берди. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын маалыматына ылайык, «Куланак» ГЭСнин белгиленген кубаттуулугу 100 МВт түзөт. ГЭС менен кошо ишкана суу сактагыч жана плотина дагы курат. Минкабдан ишкана курулушка өз каражатын жумшай турганын белгилешти.

Долбоордук-сметалык документация боюнча, «Куланак» ГЭСин куруу мөөнөтү 4 жылды, ал эми тосмонун бийиктиги 27 метрди түзөт.

«Куланак» ГЭСин куруу долбоору Орусиянын «Ленгидропроект» долбоорлоо институту тарабынан иштелип чыккан. Ведомстводон кошумчалашкандай, Нарын дарыясына кубаттуулугу 6,2 ГВт түзгөн 30га жакын ГЭС курса болот.

Юстиция министрлигинин реестрине ылайык, «“Нарын” өндүрүштүк ишканасын» Кутубай Мурзубаев башкарат. Маалыматка ылайык, ишкана турак жай жана башка имараттарды куруп иштейт.

Мындан тышкары, Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Мурзубаев «Орион» курулуш компаниясына ээлик кылат, компаниянын негиздөөчүлөрүнүн тизмесинде «“Нарын” өндүрүштүк ишканасы» да көрсөтүлгөн. Мурзубаев «Орион Хотелс» мейманканасын дагы жетектейт.

Ал эми «Нарын» ишканасы, Мурзубаев сыяктуу эле буга чейин Ататүрк паркындагы мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелери тууралуу «Клооптун» иликтөөсүндө чагылдырылган.

«Клооптун» иликтөөчүлөрү 2003-жылга карата «Нарын» ишканасы 10 коттеж куруп, таасирлүү жана бай адамдарга сатканын аныкташкан. Алардын ичинде ишкер Болотбек Исахунов жана «Кыргызстандын улуттук электр тармактарынын» директорунун ошол кездеги орун басары Раимбек Мамыров бар.

Ошол эле жылы он коттеждин ээси мэриядан жерлерге ээлик кылуу укугун берүүнү суранышкан. Муниципалитет бул өтүнүчкө макул болгон.