АКШ Орусия менен алакасын сактаган өлкөлөр дүйнөлүк экономиканын обочосунда каларын эскертти

АКШнын Финансы минстрлигинин башчысы Жанет Йелен 13-апрелде Вашингтондо өткөн брифингде Украинага каршы согушка карабастан Орусия менен алакасын сактап калган өлкөлөр дүйнөлүк экономиканын обочосунда калуу коркунучунда турганын билдирди. Бул тууралуу америкалык The Wall Street Journal жазып чыкты.

Ал бул маселеде орток позицияны карманып жаткан өлкөлөр үчүн белги болуп каларын кошумчалады.

Мындан тышкары, Йеллен АКШ Орусиянын өнөктөшү саналган Кытайды дагы бул өлкөгө олуттуу жардам көрсөтпөөгө жана санкияларды жеңилдетиш үчүн чараларды көрбөөгө чакырганын кошумчалады.

Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта дагы деле бейтарап позицияны карманып жаткан өлкөлөрдүн бирине кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 9-марттагы жыйынында жеке өзү да айткан.

«Албетте, биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек», — деген Жапаров парламенттин жыйынында.

Так эле ушундай позицияны Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да билдирген. Ал минкабдын 24-марттагы жыйынында Кыргызстан «боордоштор бири-бирин өлтүрүп жаткан согуштун токтошуна колдон келген аракетин жасайт» деп айткан. Мындан тышкары, буга чейин Кыргызстан Орусияны БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги (АУК) мүчөлүгүн токтотуп туруу резолюциясын кабыл алууга каршы добуш берген.

Бирок, 14-апрелде өткөн маалымат жыйында Украинанын Кыргызстандагы элчиси Жовтенко «Кыргызстан — кичинекей өлкө, ал эч нерсеге таасир эте албайт» деп айтылган сөздөргө кошулбасын билдирген.

«Башка Азия жана Европа мамлекеттеринде калкы мындан дагы аз өлкөлөр бар. Мисалга алсак, Ирландия же Данияда үч миллионго жетпеген калк жашайт. Ошондуктан Кыргызстан кичинекей мамлекет эмес», — деген Жовтенко.

Элчи ошондой эле, Украинага гумжардам көрсөтүү боюнча өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолуга албай жатканын да кошумчалаган.