«80 миң доллар зыян». Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясы 51 жаштагы аялды «алдамчылыкка» шектеп кармады. Бүгүнкү күндө аялдын аракетинен тургундар 80 миң доллар зыян тарткан деп бааланууда. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

«Алдамчылыкка» шектелип кармалган аял. Сүрөт: Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 12-апрелде борбор калаадагы жеке компаниялардын биринин директоруна чара көрүүнү өтүнгөн арыз менен Р.Б. аттуу киши кайрылган. Арызда директор Турусбеков көчөсүндөгү кеңсесинде анын ишеничине кирип, «батир алып берүүнү жана алган акчасын үч эсе көбөйтүп берүүнү убадалап» 9 миң 750 АКШ долларын алганын көрсөткөн. Кийин аял изин жашырып кеткен.

Факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен козголгон иштин алкагында Ж.А атуу аял кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ленин райондук милициясынан шектүүнүн үстүнөн дагы төрт арыз түшкөнүн белгилешти.

«Азыркы учурда келтирилген зыяндын өлчөмү 80 миң АКШ доллары деп бааланууда. Ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу такталып жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, райондук милиция шектүүгө алданган тургундар болсо 0312 352-947, 0312 654-494, 0507 885-577, 0550 516-877 жана 102 номерине кайрылса болорун кошумчалашты.

Өткөн айда «Ак-Үй КейДжи» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү «алдамчылыкка» шектелип кармалган. Шектүү өткөн жылы жабырлануучуга «наркы 679 600 сомго унаа алып берем» деп 369 600 сомун алып, жок болуп кеткени белгилүү болгон. Ал Биринчи май РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тема боюнча:

Бишкекте «Ак-Үй КейДжи» кооперативинин башчысы алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкек мэринин милдетин бир күн аткарган Нургазиев алдамчылыкка шектелип кармалды