Бишкекте 15-апрелде маалымат жыйыны өтүп, анда БУУнун Адам укуктары боюнча жумушчу тобунун адистери Кыргызстандагы аялдардын жана кыздардын абалы тууралуу отчёт беришти.
Алсак, эксперттердин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстан гендердик теңсиздик индекси боюнча 162 өлкөнүн ичинен 82-орунда турат.
Эксперттер Кыргызстанда патриархалдык көз караштар, гендердик зомбулуктун жогорку деңгээли, гендердик ролдорго карата стереотиптер жана тажрыйбалар, ошондой эле экономикалык катыштыктагы жыныстардын ортосундагы ажырым дагы деле олуттуу бойдон сакталып жатканын айтышты.
Жетекчилик кызматтарда аялдар эркектерге караганда аз
Отчётко ылайык, Кыргызстанда жетекчилик кызматтарды аркалаган аялдар аз, алар маянаны эркектерге караганда дагы аз алышат, бул аларды аялуу кылат. Ошол эле кезде мамлекеттик кызматта көрсөтүлгөн аялдардын пайызы 2010-жылы 39,9%дан 2019-жылы 39,2%га чейин түшүп кеткен.
БУУнун маалыматына ылайык, эркектердин 72,6%на салыштырмалуу аялдардын 27,4%ы гана бизнесте жетекчилик кызматтарды аркалайт. Ал эми 90 эл өкүлү отурган парламентте 19 гана аял бар, 19 министрдин болгону бирөө эле аял.
Адистер аялдар экономикалык жактан активдүү эмес калктын эң чоң бөлүгүн (70%) түзөрүн дагы айтышты. Аялдардын арасында жумушсуздуктун деңгээли (13,6%) эркектерге караганда (8,3%) жогору. Иш менен камсыз болуу деңгээлиндеги эң эле чоң гендердик ажырым 20-29 жашка чейинки эркектер менен аялдар арасында байкалат, бул аялдар төрөп, жумушун калтырган мезгилдерге туура келет.
Мажбурлап никеге тургузуу жана диний фундаментализм
БУУнун маалыматына ылайык, Кыргызстандагы 18ге чыга элек кыздардын 13%ы эркине каршы турмушка чыгат, ага байланыштуу кыздар мектепти таштоого аргасыз болушат.
Адистердин пикиринде, мындай абалга жакырчылык, ата-энелик көзөмөл, гендердик стереотиптер жана «аялдарды тилалчаак болууга жана баш ийиүүгө» мажбур кылган диний фундаментализмдин өсүшү таасир этет.
Эркектер аялдарды «баш ийбегени» үчүн урса болот деген ишеним
Кыргызстанда, эксперттердин белгилешинче, эгер аял эркекке «баш ийбесе» уруп, күч колдонсо боло берет деген деген бекем ишеним бар. Алсак, 2021-жылы 10 151 турмуштук зомбулук катталып, 9 008 корук ордери берилген.
Бирок, БУУнун маалыматына ылайык, жабырлануучулардын 90%ы экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана коомдун басымынан улам кол салган үй-бүлөсүнө кайтып барат.
Эксперттер зомбулук болгон учурда тараптардын жарашуусуна мүмкүнчүлүк берген Кылмыш-жазык кодексиндеги жобого тынчсызданышууда. Мындан тышкары, эксперттер кылмышкерлер коргоо ордери менен гана чектелип жазасыз калып жатканына, жабыркаган аялдарга колдоонун жоктугуна жана алардын сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болгонуна дагы тынчсызданып жатышат.
Аялдарга карата сексуалдык зомбулук
БУУнун адистери Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка кабылган аялдардын укук коргоо органдарына кайрылуу деңгээли дагы абдан төмөндөгөнү байкалганын белгилешет. Эксперттер бул укук коргоо органдарынын жабыркагандарга карата кайдыгерликлик кылганы, адискөй тергөөчү аялдардын, ошондой эле окуудан өткөн судьялардын жоктугу менен байланыштырышты.
БУУнун маалыматына ылайык, каттоого алынган турмуштук зомбулуктун 2,5%ы гана сот тартибинде каралган.
Дагы окуңуз:
ИИМ: Өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды
Башпрокурор: 2021-жылы аялдарды уурдоо жана никеге мажбурлоо боюнча 560 факт катталды
Кыргызстанда аялдарды көбүнчө кимдер зордуктайт? График менен көрсөтүп беребиз
«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү