Ош: Араван районунда эки унаа кагышып, 19 жаштагы жигит мерт кетти

Ош облусунун Араван районундагы Ачы айылында катталган жол кырсыгынан 19 жаштагы жигит каза тапты, дагы эки жүргүнчү жаракат алып ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош облустук ЖКККБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 16-апрель күнү саат 13:30 чамасында болгон. Анда 19 жаштагы айдоочу башкарып бараткан «Жигули» (ВАЗ 2107) унаасынын дөңгөлөгүнүн бир тетиги чыгып кеткен. Мындан улам ал каршы тилкеде келе жаткан Honda Stepwgn унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен «Жигулинин» айдоочусу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок эсине келбей каза болгон. Бир жүргүнчү ооруканада.

Ошондой эле Honda Stepwgn унаасында бара жаткан үч жашар наристе да ооруканага түшкөн.

Учурда кырсык боюнча тергөө иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

31-мартта Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айылында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып даракты сүзгөн. Кырсыктан жалпы алты киши жабыркаган. Эки киши жеринде жан берип, төртөө тез жардам аркылуу райондук ооруканага жеткирилген.

Тема боюнча: Чүй: Москва районунда жол кырсыгынан эки киши каза болду