Чүй: Москва районунда жол кырсыгынан эки киши каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 31-мартта Чүй облусунун Москва районунда жол кырсыгы катталып, эки адам мерт кеткенин билдирди.

Маалыматка ылайык, Төлөк айылында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып даракты сүзгөн. Кырсыктан жалпы алты киши жабыркаган. Эки киши жеринде жан берип, төртөө тез жардам аркылуу райондук ооруканага жеткирилди. Мекемеден унаадагы жүргүнчүлөр 17-19 жаштагы жаштар экенин кошумчалашты.

ӨКМдин куткаруучулары маркумдарды милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Баткен облусундагы Ош — Баткен — Исфана жолунун 147-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир аял каза болгон. Андан сырткары, дагы төрт киши ооруканага жеткирилген — арасында төрт жашар наристе бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Нур-Баткен» клубунун эки футболчусу жол кырсыгынан каза тапты