Минкаб төрагасы маморгандарга кеңсе кагазынын эки бетин тең колдонууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамбюджетти үнөмдөө максатында, мамлекеттик органдарга кеңсе кагазынын эки бетин тең колдонууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров Президенттин администрациясына тийиштүү чечимди иштеп чыгып, кабыл алууну буйруду. Ошондой эле ал Финансы министрлигине мамлекеттик органдардын кеңсе кагаздарын сатып алууга чыгымдар беренесин каржылоону кыскартуу талабын койду.

«Бул жөнөкөй чара учурдагы керектөөнү 50%га кыскартууга, натыйжада, өлкөнүн бюджетин жылына 112 млн сомго жакын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет», — деп билдиришти минкабдын басма сөз кызматынан.

Минкаб жетекчиси экологияга келтирген зыянды азайтуу үчүн электрондук документ жүгүртүүгө өтүү процессин тездетүү керектигин белгиледи.

Электрондук документ жүгүртүү

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 20-январда Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдары 1-апрелден тарта электрондук документ жүгүртүүгө өтөт деп билдирген.

Буга чейин президент Садыр Жапаров дагы минкабга электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүүнү тапшырган. Ал минкабдын 25-декабрдагы жыйынында электрондук документ колдонуу системасына өтүүгө даярдык көрүү үчүн 15 күн убакыт берген.

Январда минкабдын басма сөз кызматы «Клоопко» электрондук документке өтүү «акырындык менен» жүрүп жатканын билдирип, президент тарабынан коюлган тапшырма «аткарылышы керек» деп билдирген.