Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты

Спортчу Айпери Медет кызы эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Ал жарым финалдык беттеште монголиялык Ариунджаргал Ганбатты 10:0 эсебинде жеңди.

Медет кызы 76 килогараммга чейинки салмакта күч сынашып жатат. Бул салмакта 2 тайпага бөлүнгөн 6 спортчу бар.

Медет кызы 1-турда жапониялык Юка Кагамини 7:3 эсебинде жеңип, андан соң индиялык Судаш Кумарини мөөнөтүнөн мурда утту.

Ал финалда кайрадан жапониялык балбан Кагами менен беттешет.

Буга чейин спортчу Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта финалга чыккан. Ал казакстандык Мадина Бакбергенова менен беттешет.

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан чемпионатта кыргызстандык балбандар Тынар Шаршенбеков менен Акжол Махмудов да алтын медаль багындырышкан.

Азия чемпионаты 19-апрелде башталган, мелдеш 24-апрелде аяктайт. Ага кыргызстандык 21 спортчу катышууда. Кыздар арасында мелдеште Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова күч сынашууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова финалга чыкты