Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова финалга чыкты

Мээрим Жуманазарова

Кыргыз спортчусу Мээрим Жуманазарова Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты. Ал жарым финалда монголиялык Энкхсайхан Денгелрмааны 7:2 эсебинде утту.

Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта күч сынашып жатат. Бул салмакта жалпысынан 2 тайпага бөлүнгөн 7 спортчу бар.

Азиянын учурдагы чемпиону болгон кыргызстандык балбан кыз 1-турда казакстандык спортчу Мадина Бакбергенованы 5:0 эсебинде таза жеңген.

Андан соң кореялык Суджин Паркты 10:0 эсебинде утуп алган. Жуманазарова финалда кайрадан казакстандык Мадина Бакбергенова менен күрөшөт.

Алтын үчүн беттеш саат 16:00дө башталат.

Аталган чемпионатта кыргызстандык балбандар Тынар Шаршенбеков менен Акжол Махмудов алтын медалm багындырып, Кыргызстан чемпионатта 3-орунга чыкты.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Монголиянын Улан-Батор шаарында 19-апрелде башталган, мелдеш 24-апрелде аяктайт. Ага кыргызстандык 21 спортчу катышууда. Кыздар арасында мелдеште балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова күч сынашат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шаршенбеков менен Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болду