Баткенде мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракеттенген аткезчилерди кармоо учурунда ок атылды

Чек ара аркылуу мыйзамсыз алып өткөрүлгөн жүк. Сүрөт: Чек ара кызматы.

Баткенде Тажикстандан Кыргызстандын аймагына бир тонна жүктү мыйзамсыз алып кирүүгө аракет калган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар шектүү унааны токтотууга аракет кылган, ал талапка баш ийбей качып жөнөгөн. Мындан улам аскерлер эскертүү үчүн асманга ок чыгарып, кийин унаанын дөңгөлөктөрүнө ок атылып токтотулган.

Текшерүү учурунда унаадан бир жарым тонна жаңгак, нават, суусундук жана кыям табылган. Чек ара кызматкерлери алынган аткез жүктү тергөө жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкенин белгилешти.

Үстүбүздөгү жылдын 24-мартында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен аркылуу коңшу өлкөлөр Кыргызстандан аткезчилик жолу менен негизги тамак-аш азыктарын ташууга аракет кылып жатканын айткан. Ал Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүн аткезчиликке каршы иши «өтө начар» болуп жатканын айтып сындаган.

Атайын кызматтын төрагасы 26-мартта Тажикстан менен чек ара маселеси чечилгенге чейин аткезчилик толук токтотула турганын айткан. Ал «Кыргызстандан бир литр дагы күйүүчү май Тажикстанга өтпөйт. Ошол эле учурда Тажикстандын продукциясы да Кыргызстанга кирбейт», — деп убада берген болчу.

Тема боюнча:

Баткенде аткезчилик жол менен мөмө-жемиш жана күйүүчү май ташыган айдоочулар кармалды