Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 млн сом бөлүнөт. Быйыл ал Түркияда өтөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) Кыргызстан 100 млн сом бөлөт. Бул тууралуу маданият министри Азамат Жаманкулов парламенттин 21-апрелдеги жыйынында депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, келерки оюндар 29-сентябрдан 2-октябрга чейин өтүп, ага бюджеттен 100 млн сом бөлүнөт.

«Маданият бөлүмүнө 50 млн, спорт бөлүмүнө 50 млн сом каралган. Алар өткөрүү форматын майдын башында беребиз дешкен. Кантип, кайсы оюн түрлөрү боюнча, маданий компоненттин кайсы жагын киргизип жатканын, баарын деталдуу түрдө биз спорт министрлери майдын башында жолугуп сүйлөшөбүз», — деди Азамат Жаманкулов.

Жаманкулов ведомство ДКОго атамекендик кол өнөрчүлөрдү, спортчуларды жана маданий компонентерди даярдай баштаганын кошумчалады.

Кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл сентябрдын аягында Түркиянын Изник шаарындагы Изник көлүнүн жээгинде өтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул Кыргызстандын ири долбоору. Көчмөндөр оюндары 2014-2018-жылдар аралыгында жыл сайын Кыргызстанда өтүп келген. Кийин эстафета Түркия берилген. 2020 жана 2021-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары COVID-19 пандемиясынан улам убактылуу жылдырылган.

Көчмөндөр оюндарында спорттун этникалык түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештер өткөрүлөт. Мелдештин негизин Борбор Азиянын байыркы көчмөн элинин оюндары түзөт. 2021-жылдын декабрында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.