Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Регион» телеканалына маек куруп, президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу, «Манас айылынын» айланасындагы чыр боюнча пикирин билдирди.

Мамкатчы менен президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы, өткөн жылы кышында ири суммадагы пара опузалоого шектелип кармалган Нургазы Анаркулов маектешти. Касмамбетов маекте президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин достугуна дагы токтолду.

Ак үйдүн жаңы имаратын куруу тууралуу

Сүйүнбек Касмамбетов Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратын «шаардын ичин жеңилдетип, тыгынды азайтуу жана администрациянын ишин жакшыртуу үчүн» куруп жатканын айтты. Ал имаратты президент «өзү үчүн салып жаткан жок» деген пикирде.

«Мамлекеттин астанасын зыңгыратып, администрация жайгашкан үйдү салуу, ыкчам иштей турган, ыкчам чечимдерди кабыл ала турган, жаңы коммуникацияларды колдонуу менен салса эмнеси жаман? Президент мырза муну өзүнө салып атабы? Өзүнө салган жок да. Бул жерде калат да. Мындан кийин канча президент келет», — деди ал.

Өлкө башчы Садыр Жапаров 15-апрелде «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна түшө турган президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. Кийинчерээк ал курулушка «мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок» деп ишендирген.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов Жапаровдун Ак үйдүн курулушуна «бир тыйын кеткен жок» деген сөзүн «манипуляция» деп атаган. Анткени журналисттердин эсебинде жаңы Ак үйдүн курулушу үчүн бериле турчу 16 гектар жердин наркы 48 миллиондон 80 миллион АКШ долларын чапчыйт.

Мамлекеттик катчы элдин кызыкчылыгы имарат курууга каршы болгондордун «пикиринен өйдө турат» деп эсептейт.

«Административдик бир имарат куруп коёлу десек, анын эмнеси жаман? Башка курулуштарыбыз жылбай атса бир жөн. Эмне булар [президент] үй-бүлөсү менен көчүп кирип алып жашайт бекен?», — деди ал.

*19-апрелде президенттин администрациясына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Марат Турсунбеков бийлик жаңы имараттын курулушун каржылаган инвесторлорго Бишкектин түштүк аймагынан 16 гектар жер бөлүп берерин тастыктаган.

Социалдык тармактарда жаңы Ак үйдүн курулушу жана аты ачыктала элек инвесторлорго Бишкек шаарынын эң кымбат деп саналган аймагынан 16 гектар жердин берилиши кескин сынга алынган.

Касмамбетов айрым адамдар «эптеп-септеп бир сөздүн учуна президентти, УКМК менен минкабдын төрагасын илээштирип алып алаксытууга аракет кылып жатат» деп эсептейт.

Мамлекеттик катчы журналисттин Ак үйдүн жаңы имаратынын курулушунун башында тургандар тууралуу берген суроосуна башка кишилерди жакындатканда деле «булардын баарынын кутулуш керек деп жызып чыгышат» деген жооп узатты.

«Ал эми жакын балдардын баарын жоготуш керек дегенге, макул буларды кетирип, башка кишилерди жакындаталык. Аны деле “Сүйүнбек, Нургазы [мисал иретинде] жакындап калыптыр, булардын баарынан кутулуш керек” деп жазып чыгышат. Мени деле “Усубалиевдин мезгилинен бери жүрөт, карып калды кетириш керек” деп жазып атышпайбы», — деди ал.

*Иликтөөчү журналисттер президенттик администрациянын жаңы имаратын куруу боюнча долбоордун башында Социалдык-экономикалык, административдик объектилерди куруу дирекциясынын башчысы Марат Турсунбеков, чет өлкөлүк студенттерди «алдоого» айыпталган ишкер Нургалы Асаналиев, Казакстанда аткезчилик боюнча соттолгон экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу турарын белгилешкен.

Тема боюнча: «МедиаХабдын» иликтөөсү: Жаңы Ак үйдүн курулушуна кимдер тартылды?

«Манас айылын» бузуу тууралуу

Мамлекеттик катчы «Манас айылынын» жери мамлекеттики экенин белгилеп, комплекс «мышык ыйлай турчу абалда» деп билдирди.

«Курулуп турганы менен асфальттары сынган, өспөчү жерине чөп өсүп кеткен. Мышык ыйлагандай акыбалда турат. Курулуш жүрүп атканда беш сотых жерине ызы-чуу кылып атышпайбы. Менин оюмча, менден кичүү манасчы инилерим туура тушүнөт деп ойлойм», — деди Касмамбетов.

Ал өз сөзүндө президент Садыр Жапаровдун «Мындан дагы жакшы “Манас айылын” курабыз же азыркы “Манас айылын” көркүнө чыгарабыз» деген сөзүн эске салып өттү.

Ошондой эле Касмамбетов «Манас» кыргыз үчүн маанилүү экенин белгилеп, Жапаров дагы президенттик шайлоого бараарда Таластагы Манастын күмбөзүнө зыярат кылуу менен баштаганын эскертти.

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде манасчы Дөөлөт Сыдыков «Ысык-Көл» мейманканасын бузуп жаткан компаниянын кызматкерлери «Манас айылынын» тосмосун мыйзамсыз бузуп жатканын айтып чыккан.

14-апрелде президенттин басма сөз кызматы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплекстин 5 сотых жериндеги темир тосмолор жаңы Ак үйгө караштуу жерди түздөш үчүн алынып жатканын кабарлаган.

Тема боюнча: Дөөлөт Сыдыков: Нургалы Асаналиев президенттен келдим, «Манас айылынын» жерине Ак үй курабыз деди

Жапаров менен Ташиевдин достугу тууралуу

Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапров. 

Сүйүнбек Касмамбетов бийлик башындагыларды «улут уюткусу, журт уңгусу, эл жакшылары» деп атап, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди «чыр чатакка кириштирүүгө аракет кылган күчтөр көп» экенин билдирди.

«Мамлекеттик саясатты ишке ашырууда көптөгөн пикир келишпестиктер болот. Ушуга чейин экөө чыр чатак маселесине келишкен жок. Бирок ошону кириштиргенге аракет кылган күчтөр көп эле болуп атат. [...] Булар тагдыр менен кыйын учурда, бири-бирине керек учурда туруп берген», — деди ал.

Касмамбетов Камчыбек Ташиев менен президент Садыр Жапаров күн сайын пикир алышып турарын белгиледи. Анын айтымында, кээде баарлашуу «аябай курч маанайда» өтөт, бирок бир чечим менен чыгышат.

«Президент Садыр Нургожоевич мындай тартипке, саясий маданиятка жетише алды. Азыр жакшы бир саясий маданият пайда болду. Ар ким өзүнүн ишин кылат», — деп билдирди ал.

Тема боюнча: Кымбаттуу досум: Ташиевдин кучакташып түшкөн сүрөттөрүнүн чакан альбому

Сүйүнбек Касмамбетов деген ким?

Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчы болуп 2021-жылы 12-октябрында дайындалган. Ал 1960-жылы Нарын облусунда туулган. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых адистигин бүтүргөн. Белгилүү манасчы Сапарбек Касмамбетовдун уулу.

Ал окууну аяктаган соң алгач 1977-жылы Чолпон-Ата шаарындагы №54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасында жумушчу болуп баштаган. Кийин ушул эле жерде катчы болуп кызматынан көтөрүлгөн.

Касмамбетов 1991-жылдан баштап бир катар мамлекеттик жетекчилик кызматтарда иштеген. 2020-жылы президенттин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган. Ал эми 2021-жылдын майынан тартып президенттин администрациясынын жетекчиси болуп иштеген.

Нургазы Анаркулов деген ким?

Нургазы Анаркулов Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы. Ал бул кызматка 2020-жылдын октябрында дайындалган. Анаркуловдун дайындалышы тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров 30-октябрда кол койгон.

Ал эми өткөн жылдын 30-январында ал ири суммадагы акча опузалоого шектелип кармалган. Маалыматка ылайык, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, материалдык жактан баюу үчүн мамлекеттик кызматтын жетекчилигине талапкерлердин биринен маселесин оң жагына чечип берүү үчүн ири суммадагы каражат талап кылган.

Ошол эле жалдын 2-февралында ал үй камагына чыккан. Анаркуловдун мыйзамдуу кармалганын жана бөгөт чарасын сот аныктайт турганы белгилүү болгон. Азырынча бир да сот Нургазы Анаркуловдун ишин караганы тууралуу маалымат жок.

Боршайкомдун маалыматына ылайык, Анаркулов УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин партиялашы — экөө тең «Мекенчил» партиясынан.

Мындан тышкары, БШКнын маалыматы боюнча, Анаркулов 2010-жылдан бери «Майдан.kg» гезитинин башкы редактору болуп эмгектенген жана парламенттик шайлоодо «Мекенчилдин» тизмесинде 47-орунда болгон.

Ал эми «Регион» телеканалынын башкы редактору Өткүрбек Рахманов журналист Адыл Акжол уулуна берген маегинде телеканал Ташиевге караштуу экенин тастыктаган.