ЖМК: Нургазы Анаркулов үй камагына чыгарылды

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы Нургазы Анаркулов үй камагына чыгарылганын «Kaktus» басылмасы күч органдарына таянып билдирди. Анткен менен «Азаттык» басылмасы Анаркуловдун баш коргоо чарасы карала электигин маалымдады.

«Анаркуловго карата козголгон кылмыш иши тергелип жатат жана анын жыйынтыгында ага карата юридикалык баа берилет», — деп «Азаттык» маалымдады.

Ошондой эле, Анаркуловдун мыйзамдуу кармалганын жана бөгөт чарасын сот аныктайт деп кошумчаланган. Азырынча бир да сот Нургазы Анаркуловдун ишин караганы тууралуу маалымат жок.

Анаркулов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 30-январда ири суммадагы акча опузалоого шектелип кармалган. Маалыматка ылайык, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, материалдык жактан баюу үчүн мамлекеттик кызматтын жетекчилигине талапкерлердин биринен маселесин оң жагына чечип берүү үчүн ири суммадагы каражат талап кылган.

Нургазы Анаркулов маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп 2020-жылдын октябрында дайындалган. Анаркуловдун дайындалышы тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров 30-октябрда кол койгон. Боршайкомдун маалыматына ылайык, Анаркулов УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин партиялашы болуп саналат — экөө тең «Мекенчил» партиясынан.

Мындан тышкары, БШКнын маалыматы боюнча, Анаркулов 2010-жылдан бери «Майдан.kg» гезитинин башкы редактору болуп эмгектенген жана парламенттик шайлоодо аталган партиянын тизмесинде 47-орунда болгон.

Тема боюнча:

УКМК президенттин аппаратынын маалымат кызматынын башчысын кармады

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нуркамал Асканова дайындалды