«Сөз эркиндиги каныбызда бар». Болот Темиров өзүнө карата кылмыш иштери тууралуу

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кайрылуу жасап, укук коргоо орган кызматкерлери козгогон кылмыш иштери тууралуу комментарий берди. Журналист кайрылуусун Temirov LIVE Ютуб каналына жарыялады.

Кайрылууда Темиров Москвада окуусын аяктагандан кийин 2006-жылы Кыргызстанга биролот көчүп келгенин айтты. Анын айтымында, Кыргызстанда жашап жүрүп өлкөнүн өнүгүшү үчүн салым кошуу мүмкүнчүлүктөрүн издеген. «Азыр мен эмне максатта жашап, эмне үчүн жанымды бергенге даяр экенимди билем. Мага кылмыш иштерин ачып, өзүмө жана командама куугунтук уюштуруп жаткандардан менин айырмам эмнеде экенин билесиңерби? Аларга ачуум келбегенинде жана аларга окшоп өч алууну каалабаганымда. Себеби эбак эле жеке кызыкчылымды ойлогонду унуткам. [...] Мен үчүн анын баары экинчи планда, [мага] элибизди алдап жатышканы маанилүү. Мен коррупция жана массалык уурулук — Кыргызстанды өнүктүрбөй жаткан башкы тоскоолдук экенин билем. Мен жана биздин команда коррупцияга каршы күрөшүүнү улантабыз», — деди Темиров.

Журналист Кыргызстан эркин өлкө экенин баса белгилеп, командасына төкмө акын Болот Назаров кошулганына кубанычта экенин кошумчалады. Ал Назаровдун жардамы менен өлкөдө акындардын тарыхый ролун жандантып жатышканын айтты.

«Сөз эркиндиги каныбызда бар, ал манасчы, акындарыбыз аркылуу муундан-муунга өтүп келген. Тарыхта алардан башка сөз эркиндигин баккан эч ким жок», — деп кошумчалады ал.

Темиров Кыргызстанда бурулуш жасала турган мезгил келгенин, ал сөз эркиндиги корголобу-жокпу көрсөтөт деп эсептейт.

«Сөз эркиндигин коргоп кала алабызбы же бизге тийиштүү делгенди эле билип кала беребизби. Кыргызстан өнүгөбү же андан ары шылуундар менен аферисттердин талап-тоноосунда калабы. Гүлдөп өнүккөн мамлекетте өмүр сүрөөрүбүзгө көзүм жетет. Сөз эркиндиги — өлкөбүздүн реалдуу жетишкендиги жана ал үчүн күрөшүш керек», — деди журналист.

Темировго каршы кылмыш иштер

Милиция иликтөөчү журналист Болот Темировго карата төрт кылмыш ишин ачты. Бул журналист УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө чыгаргандан кийин болду.

Темировго карата мыйзамсыз паспорт жана аскердик билет алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңгизатты даярдоо фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон. Ички иштер министрлиги 21-апрелде иштердин бардыгы бир өндүрүшкө бириктирилгенин, учурда Темиров алар менен таанышып жатканын айткан. Андан кийин иш сотко өткөрүлөт.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Темиров орус жаранынын паспортуна ээ болуп туруп Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган. Ошондой эки өлкөнүн чек арасынан 50дөн ашуун жолу кесип өткөн.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарып жатканы үчүн куугунттук деп атаган. Ал эми журналисттин адвокаттары журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.