Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев отставкага кетти

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 22-апрелде кол койду.

Өлкө башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Азаттыкка» курган маегинде Казакбаев башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулганын билдирди. Бирок ал кайсы кызматка бара турганы азырынча кабарланган жок.

Президент ТИМ башчысынын милдетин аткаруучу катары Жээнбек Кулубаевди дайындады. Кулубаев буга чейин президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Руслан Казакбаев 2020-жылдын 14-октябрынан бери Тышкы иштер министрлигин жетектеп келди. Ал арада өкмөттүн курамы бир нече жолу алмашып, андан соң минкабда дагы өзгөрүүлөр болду. ТИМге келгенге чейин Казакбаев «Республика-Ата-Журт» партиясынан парламент депутаты болгон.