«Сүйүнүчүңөрдү көрсөткүлө». Мугалимдер маяна алганда видео тартууга мажбурланганы айтылды

«Баштан башта» жарандык кыймылы «мугалимдерди айлык алганда бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык айтууга мажбурлаган билдирүүлөр» боюнча видео жарыялады. Кыймыл билдирүүлөр кимдин буйругунун негизинде жазылганын изилдеп көрдү.

«Баштан баштага» мугалимдердин тайпаларына жазылган билдирүүлөрдүн скриншоттору жана аудио билдирүүлөрү келип түшкөн. Анда өлкөнүн бардык аймактарындагы кураторлорго, директорлорго жана окуу бөлүмүнүн башчыларына мугалимдер айлык алып жаткан учурда видео-роликтерди жасоо тапшырмасы берилген.

Тапшырмага ылайык, мугалимдер банкоматтардан же бухгалтерлерден айлык алып жатканда «сүйүнүчүн билдирип, президент Садыр Жапаровго, минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго жана Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевге ыраазычылык айтышы» керек болгон.

Ал эми ар бирине ыраазычылык айтуу үчүн мугалимдерди 20дан бөлгүлө деп тапшырма беришкен.

«Кыздар, айлыгыңарды алып жатканда бири-бириңерди тасмага тарткыла. Министрге, президентке ыраазычылык айтып, сүйүнүчүңөрдү көрсөтүшүңөр керек», — деп айтылган үн жазуулардын биринде.

Кийинчерээк бул билдирүүнү Фейсбукка жарыялаган билим берүү кызматкерлерине коркутуу болуп, өчүрүп салууну талап кылышкан.

«Бүгүн Динара Жумадиловна айлык алып жаткандагы роликтер боюнча жиберген билдирүүлөрдү ким Фейсбукка жарыялап салды? Өтө чоң өтүнүч, тезинен өчүрүп салгыла! Бизде көйгөйлөр башталды, бул эмне кылганыңар?!» — деп ачууланган үн жазуулардын бириндеги аял.

Ал «ким чыгарганын баары бир билип алабыз» деп коркутуп, директорлорго кайрылып «силер менен дагы иштешебиз» деп белгилеген.

«Баштан башта» үн жазууда аты аталган Динара Жумадиловнаны издеп тапты. Ал Чүй облусунун Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп чыкты.

Динара Жумадиловна болсо комментарий берип, «мугалимдер ыраазыбы же нааразыбы, ойлорун гана билейин дегем» деп билдирди. Ошондой эле бул окуяда өзүнүн аты аталганына «капаланганын» айтат.

«Мен ал мугалимдердин ким экенин аныктадым, бул жерде директордун катасы болуп калыптыр. Өзү оозеки түрүндө иш жүргүзсө болмок [...] Ал мугалимдерге эч кандай чара көрүлбөйт. Мындай болот деген оюм болгон эмес», — деди ал.

«Клооп» өзү аталган билдирүүлөр боюнча билим берүү министрлигинен комментарий ала алган жок. Басма сөз катчысы Самат Тоялиев түштөн кийин маалымат берүүнү убадалап, бирок кийин байланышка чыккан жок.

4-апрелде президент Садыр Жапаров апрель айынан тарта социалдык жана маданият тармагында эмгектенген кызматкерлердин айлык акысы массалык көтөрүлгөнүн билдирген. Ал айлык акылар дээрлик 100 пайызга көтөрүлдү деп ишендирген.

Бул жылы мугалимдердин, врачтардын жана маданият кызматкерлеринин маянасы жогорулай турганы өткөн жылдын октябрында да айтылган.

Анда ошол кезде минкабдын төрагасынын милдетин аткарып турган Акылбек Жапаров мугалимдердин айлыгы «кыздар мугалим жигитке турмушка чыгабыз деп калганча көтөрүлөт» деп билдирген болчу.