Активист Роза Маманова журналисттин өлүмү боюнча суракка чакырылды

Активист Роза Маманова. Сүрөт: «Азаттык»

Активист Роза Маманова маркум журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгына 26-апрель саат 16:00дө күбө катары суракка чагырылганын билдирди.

Маманова бийликтегилерге «алсыз аялдар менен тирешкенди токтот» деп кайрылып, эгерде «тергөө адилетсиз жүрө берсе, өрттөнүп өлүүгө даяр экенин» эскертти.

«Арзууну өлгөнү боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыга элек. Батма колу менен өлтүргөн жок. Батма венасын кескилеп камакта жатат. Мен тергөөдө сурактамын. Батма да, мен да өлүшүм керекпи эми? Менин да камакта жатып турушум керек болуп жатабы? Менин беш баламдын жетим калышы кимге керек?», — деп суроо салып, Фейсбук барагына суракка чакыруу кагазын жарыялады.

Маманова журналист Арзыгүл Галымбетова өлүмү боюнча күнөөсүз экенин айтып чыгып, акыйкатчыга кайрылган. Анда Галымбетованын өлүмү блогер Батмакан Жолболдуевага жана өзүнө мурдатан тиш кайрап жүргөн айрым кызмат адамдарына өч алуу үчүн шылтоо болуп бергенин айткан.

«Кыргызстанда кадр маселесин чечип жаткан Арзыбек Буркановдун бир тууган иниси Нурлан Бурканов полковник болгонун жууп отурган учурда анын жанында Баткен шаардык, райондук милиция бөлүмдөрүнүн башчылары болгон. Батма алардын жылкы союп, майрамдап отурганын тартканы үчүн ага өчөшүп калышкан. Ушул эле Бурхановдордун бир тууганы Имамназар Бурканов Баткен шаарынын мэри. Булар баары Батмага өчөшүп калган», — деп билдирген ал.

Бирок Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов өзү жана бир туугандары тууралуу Маманованын айткандарын четке кагып, Жолболдуеваны сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды аныктаган блогер катары тааныганын айткан.

Арзыгүл Галымбетованын өлүмү жана блогердин кармалышы

«АКИпресс» басылмасынын Баткен облусундагы өкүлү Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү каза болгон. Анын өлүмү боюнча дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу бүгүнкү күнгө чейин чыга элек.

Галымбетованын өлүмүнөн кийин Баткен ОИИБи «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 28-мартта блогер Батмакан Жолболдуеваны кармаган.

Андан кийин ага «Бейбаштык», «Документтерди жасалмалоо», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренелери менен да кылмыш иштери козголгон. Ал эми Жолболдуева үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Ош шаардык сотуна кайрылган.

Өз сөзүндө блогер бойго жете элек эки кызын жана инсульт алган атасын жалгыз багып келгенин белгилеп, журналисттин өлүмүнө эч кандай тиешеси жоктугун айткан. Бирок сот анын кайрылуусун четке кагып, 26-майга чейин камакта калтырган.

«Батма-Бат» Ютуб каналына жарыяланган видео

Журналисттин өлүмүнөн кийин ал «Батма-Бат» Youtube-каналынын автору Батмакан Жолболдуева «менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деп милицияга арыз жазганы белгилүү болгон.

Арзыгүл Галымбетованын арыз жазуусуна «Батма-Бат» каналында ал облус башчысы Абдикарим Алимбаев жана башка белгисиз кишилер менен Баткен шаарындагы тамактануучу жайлардын биринде отурган видеосу себеп болгон.

Жолболдуева видеого түшүндүрмө берип, «түңкү көпөлөктөй Арзуу [Арзыгүл Галымбетова] “АКИпресстен”, Баткендин губернатору Абдикарим Карбекович, Кызыл-Кыянын вице-мэри да толтура жетекчилер менен чайлашып отурат» деп жазган.

Ал эми Галымбетова Фейсбугунда түз эфирге чыгып, ошол күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чет өлкөлүк инвесторлор менен жолугушуу өткөрүп, ал котормочу болгонун айткан. Кийинчерээк Баткен облусунун бийлик өкүлдөрү түркиялык инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү аныкталган.

Тема боюнча:

Блогер Батмакан Жолболдуевага козголгон төрт кылмыш ишинин чоо-жайы

«Күнөөм жок». Батмакан Жолболдуева 26-майга чейин камакта калтырылды