MegaCom’дун башкы директору: Абоненттердин маалыматы укук коргоо органдарына берилбейт

«Альфа Телеком» (MegaCom) компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов мобилдик оператордун кардарларынын жеке маалыматы укук коргоо органдарына берилбесин билдирди. Бул тууралуу ал Bulak.kg басылмасына айтты.

Базаркулов номерге же абоненттин маалыматына кымындай эле киришүү байкалса, компаниянын кызматкерлери дароо жумуштан бошотулат деп белгиледи.

«Абоненттерибизге жана алардын маалыматтарына өтө этиятпыз. Ошондуктан эч кимге, укук коргоо органдарына да, башка [жактарга] да абонентке айтпай туруп же мыйзамдын алкагынан эч нерсе бербейбиз деп айта алам», — деп ишендирди ал.

Буга чейин «Клооптун» журналисттеринин соцтармактагы аккаунттарына бир нече жолу бузуп кирүү аракеттери болгон. Акыркы жолу арам ойлуулар үч журналисттин Телеграм-аккаунтун бузуп кирүүгө аракет кылган. Анда алар MegaCom операторунун номерлерине байланган Телеграм аккаунттары үчүн СМС аркылуу код ала алышары белгилүү болгон.

Ал эми башка мобилдик операторлордун номерлери байланган аккаунттарга чабуулчулар таптакыр бузуп кире алышпайт, себеби СМС аркылуу кодду ала алышпайт. «Клооптун» журналисттери материал жарык көрөр алдында аталган маселе боюнча MegaCom’дон комментарий алууга аракет кылды, бирок байланыша алган жок.

Мамлекет MegaCom компаниясынын уставдык капиталынын 100%дык үлүшүнө ээлик кылат.