Таласта майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелип айылдашы кармалды

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Үйүр-Марал айылында майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелип 42 жаштагы айылдашы кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Сарногоеванын айтымында, милицияга жабырлануучу кыздын агасы арыз жазган. Ал арызда 18-апрель күнү биринчи топтогу майып, 30 жаштагы карындашынын алсыз абалынан пайдаланып, «Боди» аттуу киши зордуктаганын жазган.

Тергөөдө шектүү дооматтарды четке каккан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы шектүүнүн денесинде күч колдонуунун жана жаракаттын белгилери жок деген жыйынтык чыгарган.

Факты «Кылмыш жасоого аракеттенүү» жана «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы Түп районунда эркек киши майыптыгы бар 16 жаштагы кызды зордуктап, кыздын боюнда болуп калганын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин облус боюнча координатору Бейшекан Жайылмышова кызга кесарево жолу менен операция жасалып, бирок ымыркайды сактап калууга мүмкүн болбогонун кабарлаган.

Майыптыгы бар аялдарга карата зордук-зомбулук

Кыргызстанда эң аз дегенде 197 миң адамдын майыптыгы бар. Алар инфраструктура, коомдук транспорт менен толук кандуу пайдалана албай, жумуш иштөө мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп, коомдо байкалбай, кабыл алынбай келет.

Кыргызстан 2019-жылы Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялаганына карабастан, алар калктын аялуу катмары бойдон калууда жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга тартылышпайт.

Кыргызстанда бардык аялдар абдан аялуу, ал эми майыптыгы бар аялдар андан эки эсе аялуу.

«Майыптыгы бар кыздар дискриминацияга эки эсе туш болушат. Биринчиден аял болгону үчүн, экинчиден майып болгону үчүн. Алар зордуктоо болгон учурда алсыз болушат», — деген «Теңдик» майыптар союзу» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова.

Тема боюнча: «Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы

Эгерде зордук-зомбулукка же турмуштук кыйынчылыктарга кабылсаңыз билим алуу, жумуш менен камсыздоо, социалдык жактан колдоо боюнча жардам көрсөтүүчү «Теңдик» майыптар союзуна кайрылсаңыз болот.