Кыргызстан Орусиядан майда эреже бузууга айыпталган мигранттарга мунапыс берүүнү өтүндү

Кыргызстан Орусияга майда эреже бузган мигранттарга мунапыс берүү өтүнүчүн жолдоду. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги пленардык жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Орусиядагы мигранттарга 2019-жылы мунапыс берилген. Бул жолу Кыргызстан ушул маселе боюнча экинчи ирет кайрылып жатат деп билдирди Кулубаев.

«Жакында Орусиядан чоң делегация келген. Ал жерде биз дагы ушул маселени [мигранттарга мунапыс берүү маселесин] көтөрдүк. Президент Садыр Жапаров да жакында эле Путинге [Орусиянын президенти] кайрылган. Биз бул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз», — деди ал.

2019-жылы июнда Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов Орусия жарыялаган миграциялык мунапысты 105 миң кыргызстандык пайдаланганын билдирген. Анын айтымында, беш жарым миң кыргызстандык «кара тизмеден» чыгарылган.

«Кара тизме» — бул Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузган эмгек мигранттары киргизилүүчү реестр. «Кара тизмеге» өзү тууралуу же Орусияга келүүнүн максаты тууралуу жалган маалымат бергендер дагы түшүшү мүмкүн.

Ошондой эле, бул реестрге жасалма документтерди колдонгондугу же ишмердиги Орусияда «жагымсыз» деп таанылган бейөкмөт уюмда иштегендиги аныкталгандар киргизилиши мүмкүн.

Кыргызстандыктар Орусияга кирүүгө тыюу бар-жогун Орусиянын ИИМинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын порталына кирип билип алышса болот.