100 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын миграциялык мунапысын пайдаланды

Иллюстративдүү сүрөт

Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 6-июнда Орусиядагы миграциялык мунапыс менен 105 миң кыргызстандык пайдаланганын билдирди.

«Дагы беш жарым миң [кыргызстандык] “кара тизмеден” чыкты», — деди Ибраимжанов.

«Кара тизме» — бул Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузган Кыргызстандын жарандары түшүп калышы мүмкүн болгон реестр. «Кара тизмеге» өзү тууралуу же Орусияга келүүнүн максаты тууралуу жалган маалымат бергендер түшүшү мүмкүн.

Ошондой эле, бул реестрге жасалма документтерди колдонгондугу же ишмердиги Орусияда «жагымсыз» деп таанылган бейөкмөт уюмда иштегендиги аныкталгандар киргизилиши мүмкүн.

Кыргызстандыктар Орусияга кирүүгө тыюу бар-жогун Орусиянын ИИМинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын порталынан кирип билип алышса болот.

Орусиянын бийлиги миграциялык мунапыс тууралуу 22-мартта жарыялаган жана ал 22-апрелге чейин созулган. Бул Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алдында орун алган.

Бул убакыт аралыгында миграциялык эрежелерди бузган кыргызстандыктар өлкөдөн тоскоолсуз чыгып кетип, кайра административдик жоопкерчиликке тартылбастан кире алышкан. Мындан тышкары, алар өлкөнүн сыртына чыкпастан эле Орусиянын ичинен мыйзамдуу катоодон өтө алышкан.

Бул орус бийлиги берип аткан алгачкы миграциялык мунапыс эмес. Жалпысынан Орусияда 800 миңге чукул кыргызстандык эмгектенет. 2018-жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга 2,6 млрд сом которушкан, бул сумманын ичинен 98% Орусиядан жиберилген.