Акылбек Жапаров Улуттук кардиология борборуна жаткырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде жүрөк оорусунан улам ооруканага түштү. Маалыматты минкабдын басма сөз кызматы «Клоопко» тастыктады.

«Акылбек Жапаров бүгүн эртең менен жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна келип түштү»,— деп белгиледи мекеменин басма сөз кызматы.

Аны менен катар, төрагага электрокардиография жана коронарография процедуралары жасалып, анда жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталганы кабарланды.

Учурда өкмөт башчынын ден соолугунун абалы туруктуу, канааттандырарлык. Ал эми дарыгерлердин консилиумунда Акылбек Жапаровдун ден соолугун ооруканада жатуу шартында калыбына келтирүү чечими кабыл алынды.

Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров. 

Акылбек Жапаров баштаган өкмөттүн курамы 2021-жылдын октябрь айында бекитилген. Жапаровду өкмөт башчылыкка президент өзү сунуштап, ал «2022-жылы казынаны 400 миллиард сомго жакындатам деп убада берди» деп билдирген.

Өткөн аптада соцтармактарда Акылбек Жапаров кызматтан кетет деген тариздеги кептер айтыла баштаган. Бул маалыматка 24-апрелде президент Садыр Жапаров расмий Фейсбук барагы аркылуу реакциясын билдирген.

«Ушундай ушак кептерди, интригаларды кимдер таратып жатат? Алмашпайт эч кандай», — деп жазган ал.

Үстүбүздөгү жылдын февралында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев да Акылбек Жапаровдун өкмөтү «узак мөөнөттүү иштейт» деп билдирген.

Ал минкабдын алдында «дымактуу тапшырмалар турганын» айтып, ошол эле учурда президентте минкабдын ар бир мүчөсүнүн жоопкерчилигин карап чыгуу укугу бар экенин белгилеген.