Эмилбек Абдыкадыров: «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрүүгө эч ким тыюу салган эмес

2019-жылдагы «Өлбөс полк» жүрүшү. Сүрөт: Арсений Мамашев / kloop

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 28-апрелдеги басма сөз жыйынында 9-май Жеңиш күнүнө карата «Өлбөс полк» жүрүшү өтөрүн бидирди.

Калаа башчысы акыркы эки жылда COVID-19 пандемиясына байланыштуу жүрүш онлайн өткөнүн белгилеп, быйыл деле «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрүүгө эч ким тыюу салбаганын билдирди.

«Быйыл кадимки тиртипте эле өтөт. Азыр пландап жатабыз: мурда кандай болгон болсо, ошондой эле болот», — деп билдирди ал.

Буга чейин Коргоо министрлиги Бишкекте 9-майда Жеңиш күнүнө карата парад болбой турганын билдиришкен. Министрликтен калаанын Жеңиш (Өчпөс от) аянтында митинг-реквием өтөрүн, ага согуштун ардагерлери, тылда эмгек кылгандар, ошондой эле шаар тургундары менен коноктору катышарын айтышкан.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарды 9-майда өтө турчу «Өлбөс полк» жүрүшүнө «Z» белгиси түшүрүлгөн аскердик кийимдерди кийип чыкпоого үндөгөн.

Атайын кызмат мындай белгиси бар кийимдер «улуттар аралык кастыкты козутууга» алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

Ошондой эле, УКМК карнавал костюмдарын ижарага берген дүкөндөрдү «Z» белгиси түшүрүлгөн кийимдерди сатпоого чакырган.

Латындын арибиндеги «Z» тамгасы Орусиянын аскерлери Украинагы чабуул койгон алгачкы күндөрдөн тартып колдонулуп келет. Бул белгини көбүнчө Орусиянын аскердик техникасынан көрүүгө болот.

«Өлбөс полк» — бул миңдеген кыргызстандыктар Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арнап жүрүшкө чыккан жыл сайын өтүүчү иш-чара. Анда акциянын катышуучулары жүрүшкө согушта курман болгон, жарадар болгон, тылда эмгек кылган чоң ата жана чоң энелеринин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышат.

Тема боюнча:

УКМК «Z» белгиси түшүрүлгөн аскердик кийимдерди кийбөөгө чыкырды