Next TV телеканалынын мурдагы жетекчиси 3-июнга чейин камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-апрелде Next TV телеканалынын мурдагы директору Таалай Дүйшөнбиевдин баш коргоо чарасын 3-июнга чейин узартты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Басма сөз кызматтан Дүйшөнбиев УКМКнын ТИЗОсунда болорун айтышты.

Адвокат Тимур Султанов Дүйшөнбиевдин баш коргоо чарасын камакка байланышы жок чарага өзгөртүүнү суранды. Ал эми УКМКнын тергөөчүсү баш коргоо чарасын узартууну өтүнгөн.

Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиев УКМКнын кызматкерлери тарабынан 3-мартта кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Next TV соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишим жетишилди деген жалган маалымат тараткан».

Сөз «Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин экс-башчысы А. Мусаев Кыргызстан менен Тажикстан жашыруун түрдө Орусияга аскердик колдоо көрсөтүүгө даяргын билдиришти деп айтты» деген аталыштагы материалы тууралуу болууда, материал телеканалдын социалдык тармкктарына жарыяланган.

Ал эми Дүйшөнбиевге карата «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтырган.

Андан соң прокуратура соттон Next TV телеканалынын Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин айткандарына таянып жарыялаган материалын экстремисттик деп табууну суранган. Андан тышкары, көзөмөл органынан телеканалдын эфирге чыгуусун токтотуп, материалдарын башка ЖМКларга жарыялоого тыюу салууну суранышкан.

2022-жылдын 24-мартында Бишкек шаардык соту Дүйшөнбиевди камакта калтырган.