«Cтресс болуп, чарчаган». Алымкадыр Бейшеналиев Акылбек Жапаровдун саламаттыгы тууралуу

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун саламаттыгы начарлаганы чарчап, стресс болгонуна байланыштуу. Бул тууралуу «Сереп Медиа» маалымат агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Бейшеналиевдин айтымында, минкабдын төрагасы ооруканага 28-апрелде саат 07:30да түшкөн, учурда абалы канааттандыраарлык.

«Мен эртең менен Жапаровду өзүм көрдүм. Анын оорусу стресстен, чарчоодон болот. Ооруканага түшкөндө инфаркт деп ойлогонбуз. Анализдери чыгып, кароо жүргүзүлгөндөн соң, ал оору четке кагылды. Азыр абалы канааттандырарлык» , — деди министр.

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук кардиология жана терапия борборуна 28-апрелде жаткырылган.

Минкабдын басма сөз кызматы Жапаров 28-апрель күнү эртең менен жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу ооруканага жеткирилгенин билдирген.

«Электрокардиография жана коронарография процедураларында миокарда инфарктын көрсөткөн жок, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталды», — деп билдиришкен ведомстводон.

Минкабдан Жапаровдун абалы канааттандыраарлык экенин кошумчалашкан. Жапаров ден соолугун ооруканада чыңдайт.