ӨКМ: Айып короодо турган төрт унаа күйүп кетти, жабыркагандар жок

Иллюстративдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Бишкектин Чокон Валиханов көчөсүндөгү эреже бузган унаалар коюлган айып короодо токтоп турган төрт жеңил унаа өрттөнүп кеткенин билдирди.

Маалыматка ылайык, короодогу «Ауди-80» жана «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Ал эми «Хонда Аккорд» жана «Мицубиси» үлгүсүндөгү автоунаалардын бир бөлүгү өрттөнгөн.

Министрликтин басма сөз кызматы өрттөн кесепетинен жабыркагандар жок экенин белгиледи. Учурда келип чыгуу себептери жана чыгымдын өлчөмү такталып жатат.

ӨКМдин маалыматына ылайык, өткөн суткада Кыргызстан боюнча беш өрт кырсыгы катталды. Алардын үчөө Бишкек шаарында, бирөө Чүйдө, дагы бирөө Жалал-Абадда болду.

Өткөн жылы Бишкекте эртең менен жолдо бара жаткан троллейбус өрттөнүп кеткен. Өрт айдоочунун кабинасында башталып, жүргүнчүлөр траллейбустан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөнү айтылган.

«Өрт 5 мүнөттөн кийин өчтү. Кайдыгер эмес айдоочулардын бири токтоп, чака көтөрүп келди. Дагы 3-4 мүнөттөн кийин патрулдук милиция жетип келди, бирок ал кезде баары тынчып калган», — деп айтып берген күбөлөрдүн бири.

Тема боюнча:

Бишкекте троллейбус өрттөндү, жүргүнчүлөр жана айдоочу жабыркаган жок