УКМК Тажикстан «Байрактарды» сатып алды деген маалыматты төгүндөдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишенимдүү булактарына таянып, тажик бийлиги Түркиядан «Байрактар» учкучсуз учактарын алды деген маалыматты төгүндөдү.

«Тажик тарап «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарды чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле Түркиядагы башка ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзбөгөнүн маалымдайбыз», — деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле УКМКнын басма сөз кызматы Кыргызстан Түркиядан учкучсуз учуучу жабдыкты Ооганстандагы кырдаалга жана Борбор Азияда террордук жана диний-экстремисттик коркунуч жогору болгон үчун, коргонуу максатында гана сатып алганын белгиледи.

«Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап, тынчтык жана жакшы коңшулук саясатын жүргүзүп жатканын маалымдайбыз», — деп билдиришти УКМКдан.

Атайын кызматтан кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт деп эскертишти.

Буга чейин, 27-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын Тажикстанга «Байрактар» учактарын сатканы тууралуу маалымат «чындык» экенин тастыктаган. Ал Тажикстан канча суммага учкучсуз учуучу аппарат алганы такталып жатканын белгилеген.

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Анкарада Тажикстан менен Түркиянын ортосундагы аскердик кызматташтык боюнча келишимге кол коюлган. «Азаттык» басылмасы Түркия учкучсуз учактарды саткан өлкөлөрдүн тизмесине Тажикстандын дагы кошулганы жазып чыккан.

Тажикстан жана Түркиянын коргоо министрлери. Сүрөт: Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги.

Жолугушууга тажик коргоо министри Шерали Мирзо менен түрк коргоо министри Хулуси Акар катышканын Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги Твиттерде кабарлаган.

Анкарадагы жабык өткөн жыйында кол коюлган келишимге ылайык, Түркиядан Тажикстанга экспорттолгон аскердик техника тууралуу ачык маалымат айтылбайт. Дүйшөмбүдөгү түрк элчилиги Түркиядагы «Байкар» компаниясынын жетекчиси, президент Режеп Тайып Эрдогандын күйөө баласы Селчук Байрактар менен Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзонун сүрөтүн Твиттерге жарыялаган.

Кыргызстанга алып келинген «Байрактар»

Жапаров «Байрактар» менен таанышып жатат. Сүрөт: Президениттин басма сөз кызматы.

Өткөн жылдын аягында Түркиянын Bayraktar TB2 учкучсуз учуучу аппараттары Кыргызстанга алып келинген. Аскердик техника УКМКнын Чек ара кызматынаөткөрүп берилген. Аппараттар бюджеттик каражатка алынган, бирок аларга канча акча коротулганы белгисиз. Ошондой эле өлкөгө канча аппарат алып келингени да айтылган эмес.

*Айрым ЖМКнын маалыматына ылайык, «Байрактардын» даанасы 5 млн доллардын тегерегинде турат. Ал эми «Орлан-10дун» баасы 120 миң долларга чейин жетиши мүмкүндүгү айтылууда.

«[Учкучсуз учактар] өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат», — деп билдирген ошол учурда президенттин басма сөз кызматы.

«Байрактар»

«Байрактар» ​учкучсуз учактарынын түрлөрү Түркиянын жеке менчик Baykar Makina компаниясы тарабынан өндүрүлөт. Фирма ээлеринин бири Сельчук Байрактар — Түркиянын президентинин күйөө баласы.

Компаниянын эң ийгиликтүү продукциясы катары «Байрактар ​​TB2» сокку уруучу учкучсуз учагы эсептелет. Ал 4 ракета же бомба көтөрүп, узакка чейин уча алат.

Түрк армиясы ал учакты 2014-жылдан бери колдонуп келе жатат. Учактарды алар Сирия менен Ливиядагы атайын операцияларында колдонушкан.

Ошондой эле Азербайжан дагы бул учкучсуз учактарды Тоолуу Карабакта Армения менен болгон аскердик жаңжалда колдонгон. Адистердин айтымында, ал жерде учактар натыйжалуулугун көрсөткөн.

«Атап айтканда, Тоолуу Карабах Түркиянын коргонуу өнөр жайынын учкучсуз учактарды өндүрүү жаатындагы мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүчү жайга айланды», — деп белгилеген «Настояшее времянын» эфиринде орусиялык аскердик эксперт Дмитрий Лотивкин.

Бул учактарды Азербайжандан тышкары Катар жана Ливия колдонот. Борбор Азияда биринчилерден болуп «Байрактар ​​TB2» учагын Түркмөнстан сатып алган. Түркиянын аппараттары Украианын дагы Куралдуу күчтөрүндө бар — учурда өлкө «Байрактарды» Орусиянын кол салуусуна каршы согушта колдонуп жатат.

Тема боюнча:

Тышкы иштер министри Түркия Тажикстанга «Байрактарды» сатканын тастыктады

Чек ара кызматы «Байрактар» учкучсуз учактары менен жабдылды