Тышкы иштер министри Түркия Тажикстанга «Байрактарды» сатканын тастыктады

Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында жаңы дайындалган тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге депутат Мирлан Самыйкожо Түркиянын Тажикстанга «Байрактар» учактарын «жөнөткөнү чынбы» деген суроо узатты.

Министр Кулубаев бул маалымат «чындык» экенин тастыктап, бирок Тажикстан канча суммага учкучсуз учуучу аппарат алганы такталып жатканын белгиледи.

«Элчиликке тапшырма берип, тактап жатабыз. Мурда түрк тарапка да айтылган. “Муну этияттагыла, анткени азырынча эки ортодогу көйгөйлөр чечиле элек. Ошол себептен, “Байрактарды” биздин кошуналарга сатканда абайлап, этият мамиле кылсаңыздар” деп айттырганбыз. Бирок алар [Түрк бийлиги] айтып жатат: “Бул — бизнес, аскердик-техникалык кызматташтык өсө берет” деп жатышат. Толук маалымат алгандан кийин түрк тарап менен сүйлөшүү жүргүзөбүз», — деди ал.

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Анкарада Тажикстан менен Түркиянын ортосундагы аскердик кызматташтык боюнча келишимге кол коюлган. Анда Түркия учкучсуз учактарды саткан өлкөлөрдүн тизмесине Тажикстандын дагы кошулганы белгилүү болгон.

Тажикстан жана Түркиянын коргоо министрлери. Сүрөт: Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги.

Жолугушууга тажик коргоо министри Шерали Мирзо менен түрк коргоо министри Хулуси Акар катышканын Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги кабарлаган.

Анкарадагы жабык өткөн жыйында кол коюлган келишимге ылайык, Түркиядан Тажикстанга экспорттолгон аскердик техника тууралуу ачык маалымат айтылбайт. Дүйшөмбүдөгү түрк элчилиги Түркиядагы «Байкар» компаниясынын жетекчиси, президент Режеп Тайып Эрдогандын күйөө баласы Селчук Байрактар менен Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзонун сүрөтүн Твиттерге жарыялаган.

Кыргызстанга алып келинген «Байрактар»

Жапаров «Байрактар» менен таанышып жатат. Сүрөт: Президениттин басма сөз кызматы.

Өткөн жылдын аягында Түркиянын «Байрактар TB2» учкучсуз учуучу аппараттары Кыргызстанга алып келинген. Аскердик техника УКМКнын Чек ара кызматынаөткөрүп берилген. Аппараттар бюджеттик каражатка алынган, бирок аларга канча акча коротулганы белгисиз. Ошондой эле өлкөгө канча аппарат алып келингени да айтылган эмес.

*Айрым ЖМКнын маалыматына ылайык, «Байрактардын» даанасы 5 млн доллардын тегерегинде турат. Ал эми «Орлан-10дун» баасы 120 миң долларга чейин жетиши мүмкүндүгү айтылууда.

«[Учкучсуз учактар] өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат», — деп билдирген ошол учурда президенттин басма сөз кызматы.

«Байрактар» учкучсуз аппараттары

«Байрактар» аскердик дрону. Сүрөт: Президениттин басма сөз кызматы.

«Байрактар» ​учкучсуз учактарынын түрлөрү Түркиянын жеке менчик Baykar Makina компаниясы тарабынан өндүрүлөт. Фирма ээлеринин бири Сельчук Байрактар Түркия президентинин күйөө баласы.

Компаниянын эң ийгиликтүү продукциясы катары «Байрактар ​​TB2» сокку уруучу учкучсуз учагы эсептелет. Ал 4 ракета же бомба көтөрүп, узакка чейин уча алат.

Түрк армиясы ал учакты 2014-жылдан бери колдонуп келе жатат. Учактарды алар Сирия менен Ливиядагы атайын операцияларында колдонушкан.

Ошондой эле Азербайжан дагы бул учкучсуз учактарды Тоолуу Карабакта Армения менен болгон аскердик жаңжалда колдонгон. Адистердин айтымында, ал жерде учактар натыйжалуулугун көрсөткөн.

«Атап айтканда, Тоолуу Карабах Түркиянын коргонуу өнөр жайынын учкучсуз учактарды өндүрүү жаатындагы мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүчү жайга айланды», — деп белгилеген «Настояшее времянын» эфиринде орусиялык аскердик эксперт Дмитрий Лотивкин.

Бул учактарды Азербайжандан тышкары Катар жана Ливия колдонот. Борбор Азияда биринчилерден болуп «Байрактар ​​TB2» учагын Түркмөнстан сатып алган. Түркиянын аппараттары Украианын дагы Куралдуу күчтөрүндө бар — учурда өлкө «Байрактарды» Орусиянын кол салуусуна каршы согушта колдонуп жатат.

Тема боюнча:

Чек ара кызматы «Байрактар» учкучсуз учактары менен жабдылды

Ташиев: «Байрактар» аскердик сыноодон өткөрүлөт