Сүрөт: Бишкекте Айт намазы окулуп, ага президент катышты

Бишкекте 2-май күнү эртең менен эски аянтта Орозо айт намазы окулду.

Айт намазга 35 миңге жакын адам чогулду.

Kaktus.media билдиргендей, айт намазга чогулдандардын алдында муфтий Замир Ракиев сөз алып, тынчтык жана ынтымак үчүн дуа кылынды.

Айт намазга президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана парламенттин спикери Талант Мамытов дагы катышты.

Айт-намаз. Сүрөт: президенттин басма сөз кызмат

Жапаров куттуктоо сөзүндө бул пандемиядан кийинки биринчи Айт намазы экенин белгиледи. 2020-жылы калаанын эски аянтында Айт намазы окулган эмес, ал эми 2021-жылы ал Бишкектин борбордук мечитинде өткөн.

«Айт намазы мурдатан салт болуп калгандай, ордо калаанын аянтында окулбай келген. Жаратканга шүгүр, бүгүн кайрадан жаңыртылган аянтта жүз көрүшүп, Айт намазын жамаат менен окуганы турабыз», — деди президент.

Орозо айт — бир айлык орозо тутуу айын жыйынтыктаган ыйык майрам. Бул ирет Орозо айы 2-апрелге караган түнү башталган.