Алтынбек Жумаев: Садыр Жапаров ЖМКны жеке менчик жана мамлекеттик деп бөлбөйт

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Алтынбек Жумаев ЖМКны «өз» жана «бөтөн» деп бөлбөй турганын билдирди. Бул тууралуу ал журналист Майраш Базлакуновага курган маегинде айтты.

Ал мурдагы бийликтин тушунда иштеген маалыматтык саясат кызматынын жетекчилери журналисттерди бөлүп келишкенин, бирок бүгүнкү күндө андай жок деп кошумчалады.

«Мен эч кимди бөлбөйм. Менде оппозиция, пропозиция деген сөз жок. Эң негизгиси адилеттүү жана ачуу болсо да чындыкты туура бергендерди [ЖМК] колдойм. Алар менен иштешкенге даярмын», — деп ишендирди.

Жумаев президент Садыр Жапаров дагы ЖМКны мамлекеттик же жеке менчик деп бөлбөй турганын белгиледи. Ал эми өлкө башчысы буга чейин маек курган басылмаларды, маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинин айтымында, президент өзү тандаган.

Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан бери бир нече басылмага интервью берген. Алардын катарында «Кабар», «Вечерний Бишкек», «24.kg», «Aryba.kg» жана «Азаттык» басылмалары бар.

ЖМКга карата басым, коркутуу жана аңдуу

Акыркы жылдары журналисттер ишмердүүлүгүнө байланыштуу тоскоолдуктарга, кысымга жана иш учурундагы күч колдонууларга байма-бай кабыла баштады. Муну «Клооптун» акыркы беш жылга карата талдоосу бышыктап турат.

Журналисттерди кемсинтип, коркутуп, аппараттарын талкалап, унааларын өрттөп, кеңселерин тоноп кетишет. Аларды арматура менен башка чаап, муунтуп, жерге жыгып сүйрөшөт. Кол салуудардын дээрлик барыгы жумуш учурунда же алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу болот.

Журналисттер бийликтин да, жөнөкөй жарандардын да зомбулугу менен моралдык кысымына кабылат — бул окуялардын дээрлик жарымына мамлекеттин өкүлдөрү жоопкерчиликтүү.

Мындан тышкары, акыркы убактарда белгисиз адамдар ар башка басылмаларда иштеген журналисттердин соцтүйүндөгү барактарына да бузуп кирүү аракеттерин кылышууда. Буга байланыштуу ЖМК өкүлдөрүнүн аккаунттарын бузуу аракеттери көбөйдү. Бул аракеттерди бир эле нерсе бириктирет, көбүнесе чабуулдар бир эле провайдердин интенетин колдонгон үлгүсү бир эле телефондон жасалууда.

Мунун баары Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жаткан шартта болууда.

Бирок Садыр Жапаров Кыргызстанда ЖМК өкүлдөрүнө эч кандай басым-кысым көрсөтүлгөн жок деп айтып ишендирүүнү улантууда.

Ошол эле учурда, президент өзүнө карата айтылган «сынды» көтөрө албайт. Жапаров 2020-жылы бийликке келгенден бери журналисттерди сындап келет. Мисалы, 2020-жылдын ноябрында «Азаттыктын» журналисти Жапаровдун тарапташтыры басым жасап жатканын билдирген. Буга президент журналисттер өздөрү күнөөлүү, фактыларды «бурмалабаш» керек деп жооп берген.

Жакында эле иликтөөчү журналист Болот Темировго карата козголгон кылмыш иштери дагы өлкөдө журналист болуу кооптуу экенин тастыктап турат. Темировго карата үч кылмыш иштин экөөсү февралда козголгон. Ал иштер менен Темировду Temirov LIVE’дын журналисттери УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас тууралуу иликтөө чыгаргандан кийин тааныштырышкан. Иликтөөдө Тай-Мурас Ташиевге таандык делген «Мока Групп» компаниясы Жалал-Абадда бензин менен камсыздоого байланышкан тендерлерди ута баштаганы айтылган.

Темиров 20-апрелде милиция ага карата «Документти жасалмалоо», «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү» беренелери менен кылмыш иши козгогонун билдирген. Буга чейин иликтөөчү-журналистке «Баңги каражаттарын мыйзамсыз сактоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кийин ал «Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо» беренесине алмаштырылган.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка алып чыгып жатканы үчүн куугунттук кылууда деп атаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Тема боюнча:

Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат

Кыргызстанда журналисттерге кол салышат, куугунтукташат жана соттошот. «Клооптун» дата-анализи