Ош ОИИБи улуттар аралык кастыкты козуткан маалыматтарды таратпоого чакырды

Ош ОИИБи 3-майда Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримовдун кызматтан бошотулушуна байланыштуу билдирүү таратты. Анда облустук милиция улуттар аралык кастыкты козуткан маалыматтарды таратпоого чакырды.

Буга чейин, 1-майда Каримовдун 100гө жакын тарапташтары Өзгөн шаарында тынчтык акциясына чыгышкан. Алар мэрдин кызматтан бошотулганына нааразы болуп, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевке кайрылуу жасашкан.

Милиция тынчтык акциясына катышкан тургундун видео кайрылуусун жарыялады. Анда тургун «митинг учурунда улуттар аралык кастыкты козуткан сөздөр айтылганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт» деп билдирди.

Ошондой эле милиция мурдагы мэр дагы «тарапташтарын митингге чыкпоого чакырганын» баса белгиледи.

Өзгөн шаарынын мурдагы мэри Нодирбек Каримов 30-апрелде ээлеген кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка райондун акими кол койгон.

Буга чейин Башкы прокуратура Каримовго карата «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Маалыматта Каримов 2015-жылы ар башка беш кварталдан 22 кишиге жер тилкелерин мыйзамсыз бергени айтылган.

Прокуратуранын маалыматына караганда, жер тилкелердин жалпы аянты 9 миң чарчы метрди түзгөн. Мыйзам бузулганы жер чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын текшерүү учурунда белгилүү болгон.

Кылмыш иши сотто каралып жаткан, андан тышкары, райондук прокуратура мыйзамсыз берилген жерлерди кайтаруу үчүн сотко кайрылган.

Нодирбек Каримов 2013-2015-жылдары Өзгөн шаарынын мэри болуп турган. Ал 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. Ал эми 2021-жылдын июнунда кайрадан Өзгөн шаарына мэр болуп шайланган.