Алай: Селдин кесепетинен жабыркаган 68 адам ооруканага кайрылды

Сүрөт: ӨКМ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-майда Алай районундагы селдин кесепетинен жабыркаган 68 тургун медициналык текшерүүдөн өтүп, үчөө ооруканага жаткырылганын маалымдады.

Ошондой эле, район боюнча 216 турак үйдүн короосуна суу кирип, 32 үйдүн жертөлөсүн каптаган. Аны менен катар, 15 кой, сегиз уй, үч жылкы жоголгон.

Учурда тиешелүү кызматтар зыянга учураган беш электр мамысын калыбына келтирип, социалдык объекттер менен үйлөрдүн короо-сарайларын сел сууларынан тазалап жатат. ӨКМ жарактан чыккан көпүрө оңдолуп, унаа жолдору тазаланып жатканын кошумчалады

Учурда селдин кесепетин жоюу үчүн жеринде 30 техника жана өздүк курамдын 176 кызматкери иштеп жатат.

3-майда катуу жааган жамгырдан улам Алай жана Кара-Кулжа райондорунда сел жүргөн. Катуу келген сел аталган аймактардагы көпүрөлөрдү агызып кеткен. Үйлөрдүн короолорун суу каптап, электр мамылары жарактан чыккан.

Алай районундагы Корул дарыясынан келген сел Биринчи-Май айылындагы унаа өтүүчү көпүрөнүн жарымын алып кеткен. Корул айыл аймагын Биринчи-Май, Тогуз-Булак, Олжоке жана Кең-Жылга айылдары менен туташтырган каттам үзүлгөн.

Ал эми Кара-Кулжа районунда Буйга айылынын Беш-Кемпир чегинде кокту-колоттордон түшкөн сел унаа көпүрөнү толугу менен алып кеткен. Селдин кесепетинен жабыркагандар болгон эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Алай жана Кара-Кулжа райондорунда селден көпүрөлөр бузулуп, үч бодо мал агып кетти