«Мурас» турнири: Президенттик администрация биринчи оюнду утту, Жапаров эки гол киргизди

Бишкекте 4-майда футзал боюнча «Мурас» достук мелдеши башталды.

Биринчи матч «Президенттин администрациясы» менен «Жогорку Кеңештин» командаларынын ортосунда өттү. Анда президенттин администрациясы 4:1 эсебинде жеңди, ал эми Садыр Жапаров эки гол киргизди.

Кыргызстандын футбол бирлигинин жана Президенттин Администрациясынын демилгеси менен уюштурулган мелдеш 5-майда аяктайт. Жалпысынан турнирге 12 команда катышып жатат:

  • Президенттин администрациясы — өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган президенттин администрациясынын кызматкерлери;
  • «Өнөр» — маданият ишмерлери;
  • «Бизнес» — ишкерлер;
  • «Журналисттер» — ЖМК өкүлдөрү;
  • «Алга» — атамекендик футбол ардагерлери;
  • «Спорттук федерациялар» — спорт федерацияларынын жетекчилери;
  • «Жогорку Кеңеш» — парламент депутаттары;
  • «Аймактар» — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери;
  • «Ыйман» — дин өкүлдөрү;
  • «Элчилер» — чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери;
  • «Ден-соолук» — саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү;
  • «Билим» — жогорку окуу жайлардын ректорлору жана мектептердин директорлору.

Президент буга чейин да футзал боюнча турнирге катышкан. Өткөн жылдын аягында футзал боюнча мелдеш кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналып уюштурулган. Анда «Өнөр» (маданият ишмерлери) командасы биринчи, экинчиге «Алга», ал эми үчүнчү орунга «Президенттин администрациясы» чыккан.