«Мурда сегиз жолу соттолгон». Ошто издөөдө жүргөн УКТ мүчөсү кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы буга чейин «Алдамчылыкка» шектелип издөөдө жүргөн, мурда сегиз жолу соттолгон кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын кабарлады.

Алдамчылыкка шектелип кармалган жаран. Сүрөт: Ош ШИИББнын басма сөз кызматы.

Ош ШИИБ тараткан маалыматка караганда, Кара-Суу районунун 42 жаштагы тургуну өткөн жылы 15-ноябрда жергиликтүүнүн «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын 220 000 сомго баалашып алып, кийин изин жашырып кеткен.

Кийин 21-ноябрда дагы бир тургундун «Нива» унаасын алып, башка бирөөгө арзан сатып качып кеткен. Шаардык милициянын билдиришинче, ушул тапта шектүүнүн үстүнөн төрт арыз түштү.

Мекемеден шектүү 2016-жылдан бери ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганын белгилеп, анын иш-аракетинен жабыркагандар болсо 0 3222 4-82-82, 0555 65-65-65 телефондоуна чалса болорун эскертти.

Буга чейин 18-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясы «Алдамчылыкка» шектеп 51 жаштагы аялды кармаган. Кылмышка шектүү аялдын аракетинен тургундар 80 миң доллар зыян тарткан деп бааланган.

Анда борбор калаадагы жеке компаниялардын биринин директору Турусбеков көчөсүндөгү кеңсесинде тургундун ишеничине кирип, «батир алып берүүнү жана алган акчасын үч эсе көбөйтүп берүүнү убадалап» 9 миң 750 АКШ долларын алганы айтылган. Кийин аял изин жашырып кеткен.

Факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен козголгон иштин алкагында Ж.А атуу аял кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ленин райондук милициясынан шектүүнүн үстүнөн дагы төрт арыз түшкөнүн белгилешкен.