Ошто массалык уулануудан кийин мөөнөтү өткөн азыктар өрттөлдү

Ош шаарында 1-майда массалык уулануу фактысы катталган соң, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору дүкөндөрдө рейд жүргүзө баштады. 3-майдагы текшерүү учурунда алынган 5000ден ашык мөөнөтү өткөн азыктар жок кылынды.

Мэриянын маалыматына караганда, шаардагы 20дан ашык дүкөн текшерилди. Массалык ууланууга себеп болгон «Сахобат» кондитердик цехинин азыктары сатылган дүкөндөргө 1000 сом айып салынды.

Аталган цехтин азыктары жана башка мөөнөтү өткөн товарлар дүкөндөрдөн алынып, шаардын таштанды талаасына алып барылып өрттөлдү. Учурда рейд уланып жатат.

Таттуу токочко уулануу

1-2-3-май күндөрү таттуу токочтон ууланып 40 киши ооруканага түшкөн — алардын 21и жаш балдар.

Учурда 32 бейтап ооруканадан чыкты, сегиз жаш бала шаардык балдар жугуштуу оорулар ооруканасында. Алардын абалы «жакшы» деп бааланууда.

Ууланып ооруканага түшкөндөрдүн бири Гүлназ Батырова үч баласы менен дарыланып жатат. Андан сырткары алар менен чогуу таттуу токоч жеген абысыны да үч баласы менен ооруканада.

Батырова «Клоопко» берген маегинде «Сахобаттын» кондитердик азыктарын 1-май күнү саат 11:30дарда жешкенин айтты. Арадан 1,5 саат өткөн соң балдары кусуп, алсырай баштаган.

«Арапа күнү кайнилеримди чайга чакырган элек. Алар “Сахобаттын” таттуу токочторун ала келишкен. Тамактанып бүтүп десертке деп ошол таттуу токочторду бергенбиз. Биринчи кызымда башталды, андан жарым саат өтпөй балам куса баштады. Тез жардамга чалдык», — деди ал.

Аялдын айтымында балдарынан соң өзү жана күйөөсү да ооруган. Ал чоңдор ооруканасынан биринчи жардам алып, азыр балдарын карап жатат.

Батырова ден соолугунан сырткары моралдык жактан да зыян тартканын айтып, «Сахобат» цехи кенемте төлөп берсе деп талап кылды.

Ал эми Ош мэриясынан дүкөндөрдө рейддер уланып жатканын белгилешти. Учурда Ош ОИИБи аталган факты боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.

Буга чейин «Сахобат» цехине 7,5 миң сом айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган. Аталган ишкананын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Таттуу токочтон ууланган үч баланын абалы оор