Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Кыргызстандын Баш мыйзамы кабыл алынганына бүгүн, 5-майда 29 жыл толду. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды, өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы куттуктоо сөзүндө кыргыз эли дайыма акыйкаттыкты туу тутуп, адилеттикке умтулган эл экенин белгилеп, колдонуудагы Конституция дал ушул адилеттикке умтулуунун, теңчиликтин болушун шарттайт деп билдирди.

«Аракеттеги Баш мыйзамдын негизги жоболору аркылуу ишкердик активдүүлүк, жарандык демилге жана коом турмушу ишенимдүү түрдө корголмокчу», — деп жазылат куттуктоодо.

Ошондой эле, Жапаров жаңы кабыл алынган Конституция өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө укуктук негиздерди түзөрүн белгиледи.

«Ата мекенибизди өзүбүз гана алга сүрөп, өз тагдырыбызды өзүбүз гана чечишибиз керек экенин аңдап-түшүнүүбүз кажет. Өлкөбүздү өнүктүрүү ар бир жарандын талыкпас аракетине, анын натыйжасында жаралган ийгиликтерге, ар бирибиздин үй-бүлө, мыйзам жана мекен алдындагы жеке жоопкерчилигибизге жараша болорун сезишибиз зарыл», — деди өлкө башчысы өз сөзүндө.

Кыргызстандын эң алгачкы Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылы 11-апрелде өткөн.

Ага жалпы шайлоочулардын 36,66%ы катышып, жаңы Конституцияны шайлоочулардын 79,3%ы колдогон. Ошондон кийин Кыргызстан президенттик башкарууга өткөн.

1-майда Боршайком жыйын өткөрүп, 2021-жылдын 11-апрелинде Конституцияны алмаштыруу боюнча өткөн референдумду өттү деп тааныган. Референдумда колдоо тапкан Баш мыйзамга Садыр Жапаров өткөн жылдын, 5-майында кол койгон.