Ош: Милиция кайгуул кызматкерин тиштеп алган аял камакка алынганын билдирди

Ош ШИИБи кайгуул кызматкерине каршылык көрсөтүп, аны «тиштеп алды» деген шек менен 21 жаштагы аялды кармады. Шектүү 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя 5-майда шаардагы Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда «Дэу Матиз» унаасынын айдоочусу кайгуул кызматкерине кайрылып, унаадагы жүргүнчүнү түшүрүп берүүнү суранган. Аял таксиде бир жашар баласы менен отурган.

«Кызматкер жүргүнчүнү унаадан түшүрүүгө аракет кылганда ал эшикти тээп, унаанын терезесин сындырып, оозго алгыс сөздөр менен тилдеген. Кызматкердин көкүрөгүндөгү камераны жулуп алып, анын сол колун тиштеп алган», — деп билдиришти ШИИБден.

Аталган факты боюнча «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренеси менен иш козголуп, милиционерге экспертиза дайындалды.

Ал эми аял камакка алынып, анын баласы шаардагы жаш балдарды кабыл алуу бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Милициядан «аял күнөөсүн мойнуна алганын, окуя болгон учурда ал мас абалда болгонун» айтышты. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.