Садыр Жапаров «Белес» автобустарын сатып алуу боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Бишкек мэриясынын жүргүнчү ташыган алгачкы «Белес» кыргыз автобустарын баасы кымбат жана сертификаттары жок болгондуктан сатып алуудан баш тартканы боюнча комментарий берди.

Жапаров алгач компаниядан бир жыл сыноодон өткөрүү үчүн 10 автобус жана 10 троллейбус сатып алуу чечими кабыл алынганын билдирди.

«[Автобустар] сынактан өтөөрү менен массалык түрдө буйрутма беребиз. 2000 автобуска оңой эмес акча каражаты кетет. Ал акча бюджеттин акчасы. Анан баарын буйрутма берип алып сынактан өтпөй калса ким жооп берет. Бул жагын да карашыбыз керек да. Менчик акчаң болсо анда тобокелге бара берсең болот эле. Элдин ар бир тыйынын сарптоодо кылдат болушубуз керек», — деди президент «ийгиликтин эрте кечи жок» деп кошумчалап.

Жапаров «эгер баары жакшы болсо, “Белес” да бутуна турарын» айтып, «сабыр кылып турууга» чакырды.

Автобустарды сатып алуу

19-апрелде парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Бишкек мэриясына караштуу Транспорт департаментинин директору Максат Нусубалиев муниципалитет азырынча BELES компаниясынан алгачкы жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алууга даяр эместигин айткан. Анын билдиришинче, негизги себеби — автобустардын өтө кымбаттыгы менен сапат сертификатынын жоктугунда.

«“Белес” (автобус чыгарган ишкана — ред.) ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Президент Садыр Жапаровдон кийин биз дагы барып келдик. Сапаты, моюнга алыш керек, жакшы экен [...] Ишкананын башчысынын айтымында, автобусту чогултууга 254 миң евро коротулган. Бул мэрия үчүн өтө эле кымбат», — деген ал.

Нусубалиев ишкана эгер 500 автобус сатып алынса бааны 178 миң еврого чейин түшүүргө макул болгонун кошумчалаган. Тапшырыкты аткаруунун мөөнөтү 12 ай. Бирок, Нусубалиевдин айтымында, дүйнөлүк бренддердин баасы алда канча төмөн экенин эске алганда, «бул дагы өтө эле кымбат».

Президент Садыр Жапаров февралдын орто ченинде алгачкы ата мекендик автобусту кураштырган «Белес» компаниясына барган.

Анда Жапаров бийлик атамекендик өндүрүүчүлөрдү алгачкы 10 автобусту сатып алуу менен колдой турганын убадалаган. Президент эгер алардын эксплуатациясы ийгиликтүү деп табылса, «Белес» менен туруктуу негизде кызматташуу болот деп айткан.

Бишкектин вице-мэри Бактыбек Абдиев Азия өнүктүрүү банкынын долбоору менен жергиликтүү автобустарды сатып алууга тоскоолдук кылган башка дагы себептер бар экенин кошумчалаган. Анын айтымында, банк рынокто үч жылдан ашык убакыттан бери иштеп келген жана кепилдик мөөнөтү узартылган компаниялардын унааларын алып берүүгө даяр. Ал эми «Белес» сунуштаган автобустардын кепилдик мөөнөтү аз жана кыймылдаткычтары газ менен иштейт.

Абдиев мэрия жергиликтүү бюджеттен автобустарды сатып алууга 1 млрд сомго тендер жарыялаганын, ага эгерде сапат сертификатын алса «Белес» компаниясы дагы катыша аларын билдирген.