Өлкөдө мектептер 2024-2025-жылдардан тартып 12 жылдык окууга өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасы 2024-2025-жылдардан тартып киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбековага таянып 24.kg маалыматтык агенттиги жазды.

Жусупбекова парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинин 10-майдагы жыйынында Билим берүү министрлиги жол карта иштеп чыкканын айтты.

«Аймактагы мектептер даяр. Болгону Бишкекте гана көйгөйлөр бар. Эгер китептерибиз даяр болсо, анда [12 жылдык билим берүүгө] 2024-2025-окуу жылынан тартып толук өтүшүбүз мүмкүн», — деди Жусупбекова.

Мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүү демилгеси

Өлкөнүн мектептерине 12 жылдык окуу системасын киргизүү демилгеси быйыл апрелде белгилүү болгон. Анда билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев балдар 1-класска алты жаштан бара баштарын, ал эми 0-класс жоюларын айткан. Анын айтымында, мындайда бала бир жылын текке кетирбейт, ал эми өлкөнүн билим берүү системасы «эл аралык стандартка ылайык» болот.

«Он эки жылдык мектеп окуусу дегенде биз дагы бир жыл кошуп окутпайбыз. Мурда балдарды даярдоо классы же нөлүнчү деп окутчубуз. Дүйнөдө андай ыкма жок экен», — деп түшүндүргөн ал «Азаттыкка» курган маегинде.

Билим берүү министрлиги 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн артыкчылыктары боюнча дагы кеңири маалымат берген.

Ал жактан мектеп программасы балдар үчүн жүктөмдү азайтуу жана программаны 12 жылдын ичинде бирдей бөлүштүрүү тарабына багыттоо үчүн кайра каралып чыгарын белгилешкен. Мындан ташкары, министрлик 12 жылдык окуу колледждердеги жана университеттердеги жалпы билим берүү предметтерин кыскартып, кесип тандоого ылайыкташат деп эсептейт.

Анда ведомстводон 12 жылдык окуу системасына окуу материалдары иштелип чыккандан кийин өтүшөрүн дагы белгилешкен. Бирок министрлик билим берүү системасы жаңы системага өтүүгө даяр экенин, анткени акыркы жылдары Билим берүү министрлиги өнөктөштөрү менен мектептерде 4 миңге жакын мектепке чейинки даярдоо класстарын түзүшкөнүн айтып ишендирүүдө. Алардын маалыматына ылайык, аларга жылына 5,5 жаштан 6,5 жашка чейинки 100 миңге жакын бала барат.

Билим берүү министрлигин демилгеси түрдүү пикирлерди жараткан. Соцтүйүндөрдүн айрым колдонуучулары баардык эле ата-эне балдарын мынчалык эрте мектепке бере албай турганын белгилешкен. Ал эми башкалар мектептерде ансыз дагы орундар жок деп айтышкан.

Дагы окуңуз: «Дүйнөлүк стандартка ылайык». Кыргызстанда окуучулар мектепке 6 жашынан барып, 12 жыл окуйт