Бишкек: Милиция Индиянын жарандарын сабоого шектелген эки баланы кармады

Милиция кызматкерлери индиялык жарандарды сабоого шектелген эки баланы кармады. Бул тууралуу 11-майда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Мурдараак соцтүйүндөрдө белгисиз үч киши Бишкектеги Salaam namaste ресторанында Индиянын жарандарын сабап жатканы тартылган видео тараган. Милиция жабыркагандардын бири Улуттук госпиталга түшкөнүн, факт боюнча «Ээнбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кармалган шектүүлөр 2000-жылкы жана 2004-жылкы балдар экени аныкталган. Алар Ленин РИИБине жеткирилип, андан кийин Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Индиянын жарандарын сабоого шектүүлөр. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

«Учурда тергөө амалдары улантылууда», — деп кошумчалашты ИИМден.

Ошондой эле ведомство кылмыштын бетин ачууда тоскоолдуктарды жаратпоо жана шектүү адамдардын изин суутуп кетүүсүнө жол бербөө үчүн видеобайкоодон, кылмыш же укук бузуу болгон жерлерде күбөлөр тарабынан тартылган сүрөттөрдү жана видеожазууларды алдын ала таратпоого чакырды.