Дүйнөнүн алдыңкы университеттерине өткөн жаштарга 50 миң $га чейин стипендия берилет

Президент Садыр Жапаров «Эл үмүтү» эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчы Фейсбук барагында маалымдады.

Жапаровдун айтымында, быйылтан тартып дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине магистратура менен докторантурага өткөн кыргызстандык жаштар үчүн 50 миң долларга чейин стипендия берилет.

«Азырынча 50 стипендия берели деп чечтик. Стипендиянын көлөмү тандап алган университетке жараша болот. Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырсаңыздар болот, бирок, албетте, артыкчылык көбүрөөк техникалык жана инженердик багыттарга берилет. Биз жаш окумуштуу-окутуучуларыбызды өзгөчө колдоого алалы деп жатабыз», — деди Жапаров.

Ошондой эле, президент илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө 10 стипендия бөлүнөрүн белгиледи.

Өлкө башчысы бул программадан сырткары, учурда өкмөт дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен эки тараптуу келишимдерди иштеп чыгууга киришкенин кошумчалады.

«Эл үмүтү» жана «Эл үмүтү»

Президент негиздеген стипендиянын аталышы менен 2021-жылы парламенттик шайлоого катышкан «Эл үмүтү» партиясынын аттары окшош.

Көпчүлүк ЖМКлар бул партияны президенттин жубайы Айгүл Жапарова менен байланыштырып жазышкан. Бирок президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Клоопко» Жапарованын эч бир партия менен байланышы жок экенин айткан.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Эл үмүтү» партиясы 2020-жылы негизделип, 2021-жылы кайра каттоодон өткөн. Партиянын лидери катары «Демилгелүү жаштар борбору» коомдук бирикмесинин жетекчиси Аскар Алмаз уулу көрсөтүлгөн.

Ал эми Жоргорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев партияны президенттин уулу Рустам Жапаров колдойт деп билдирген.

БШКнын маалыматы боюнча, үгүт кампаниясынын биринчи аптасында «Эл Үмүтү» партиясынын шайлоо фондуна 3-ноябрда 11 миллион 687 миңден ашык каражат келип түшүп, анын 10 миллион 827 миң сомун короткон. «Эл үмүтү» шайлоого эң көп акча сарптап жаткан партиялардын бири.