Сүлүктү: Кыз узаттууга келген 32 адам тамак-ашка ууланып ооруканага түштү

Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 32 адам тамак-ашка ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 8-майда шаардагы «Рахат» кафесинде 180 адам кыз узатуу тойго келген. Эртеси күнү 32 адам уулануу белгилери менен ооруканага кайрылган.

Жабыркагандардын 11и ооруканага жаткырылып, 21и амбулатордук дарыланууга жиберилген. Ооруканада дарыланып жаткандардын абалы «орто оор» деп бааланууда.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө той күнү конокторго эти кошулган палоо, төрт түрлүү салат, үйдө даярдалган таттуу токочтор, крем кошулган кондитердик азыктар, суусундуктар жана чай берилгени аныкталган.

Палоодон башка азыктар той ээлери тарабынан алып келингени белгилүү болгон. Ал эми кафенин ээси «алдын ала буюртма менен, сүйлөшүлгөн күндөрү гана иштейбиз» деп ишендирген.

Министрликтен текшерүү учурунда аныкталган санитардык-гигиеналык бузуулар үчүн кафеге 15 миң сом өлчөмүндө айып салынганын билдиришти.

Учурда тиешелүү азыктардын үлгүлөрү алынып, лабораториялык изилдөөгө жиберилди. Бул фактыны Сүлүктү ШИИБи териштирип баштады.

Оштогу массалык уулануу

Ош шаарында 1-2-3-май күндөрү таттуу токочтон ууланып 40 киши ооруканага түшкөн — алардын 21и жаш балдар.

Бейтаптар Кара-Суу районундагы «Сахобат» цехинен чыгарылган таттуу токочторго ууланганы аныкталган. Мындан улам аталган цехке 7,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, ишмердүүлүгү токтотулган.

Массалык уулануудан соң Ош мэриясы жапырт текшерүү жүргүзүп, мөөнөтү өткөн азыктар сатылган дүкөндөргө айып пул салган. Ал эми текшерүү учурунда алынган 5000ден ашык мөөнөтү өткөн азыктарды таштанды талаасына алып барып, өрттөп салышкан.

Акыркы жылдары Кыргызстанда кафе-ресторандардан бир канча массалык уулануу фактылары катталды. Төмөнкү материалдан эгер сиз коомдук тамактануучу жайдан уулансаңыз кантип кенемте алууга болоорун окуй аласыз:

Кыргызстанда кафеде ууланганда кенемте төлөнөбү, аны кантип алса болот?

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто массалык уулануудан кийин мөөнөтү өткөн азыктар өрттөлдү

Ош: Таттуу токочтон ууланган үч баланын абалы оор