Садыр Жапаров Дача-СУ кыштагына кулаган учак боюнча коомдук комиссия түздү

Президент Садыр Жапаров 2017-жылдын январында Дача-СУ кыштагына кулаган «Боинг-747» жүк ташуучу учагы менен болгон авиациялык кырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча коомдук комиссияны түзүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 10-май күнү кечинде Фейсбук барагына жазды.

Жапаров авиациялык окуяларды иликтөө боюнча Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) учактын кулашына экипаждын аракети алып келди деген чечимине карабастан «коомдо дагы деле суроолор бар» деп белгиледи.

«[…]Дача-СУдагы кайгылуу окуядан беш жыл өткөндөн кийин деле самолёттун кулашына ким күнөөлүү, жүк кимге таандык болгон жана жабыр тарткандарга жардам катары чогултулган акчалар кандай бөлүштүрүлгөн деген суроолор жоопсуз калууда», — деп билдирди президент.

Жапаров комиссияны Дача-СУ каргашасын «бейтарап жана ар тараптуу изилдөө» максатында түзгөнүн белгиледи.

Учактын арткы бөлүгү, 2017-жыл 16-январь. Сүрөт: Александр Ли / Kloop.kg.

Президент коомдук комиссияга иш жоболорун иштеп чыгып, бекитип, ЖМКны иликтөөнүн жүрүшү менен тааныштырып турууну сунуштады.

Ал ошондой эле комиссиянын ишин камсыздоону Транспорт министрлиги менен Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборуна тапшырды. Ошондой эле башка дагы мамлекеттик органдарга, анын ичинде УКМК менен ИИМге, жергиликтүү бийлик органдарына коомдук комиссияга «ар тараптуу көмөк көрсөтүү» жана алардын өтүнүчү боюнча «иш үчүн зарыл болгон баардык материалдарды жана документтерди ыкчам берип турууну» дагы тапшырды.

Президенттин жарлыгына ылайык, коомдук комиссия 2022-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө авиациялык кыйроого алып келген жагдайлар, себептер жана шарттар жөнүндө корутундуну жана Дача-СУ айылынын тургундарынын көйгөйлөрүн комплекстүү чечүү боюнча сунуштарды бериши керек.

Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирди:

  • Шыкмаматов Алмамбет Насырканович коомдук ишмер, комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
  • Абдирасулова Гульшайыр Жанызаковна укук коргоочу, (макулдашуу боюнча);
    • Алимова Дилбар Ташбаевна журналист-иликтөөчү, (макулдашуу боюнча);
    • Алимов Бекзат Шералиевич «Эйр Манас» авиакомпаниясынын жердеги кызматынын жана каргонун директору, (макулдашуу боюнча);
    • Алканова Элнура Сайдиракманова «Ачык маалымат фонду» коомдук фондунун башкармасынын төрагасы;
    • Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич жарандык активист (макулдашуу боюнча);
    • Боронов Кубатбек Айылчиевич коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
    • Исмаилова Толекан Асаналиевна укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
    • Кайрат Кенжебай уулу «Стоп Беспредел» маалыматтык сайтынын башкы редактору (макулдашуу боюнча);
    • Култаев Кубанычбек Зулуевич адвокат, милициянын отставкадагы полковниги (макулдашуу боюнча);
    • Махмудов Тимур Шаванович жарандык активист (макулдашуу боюнча);
    • Ошурахунова Динара Мажановна укук коргоочу (макулдашуу боюнча)
    • Токтакунов Мухаммедали (Али) Нурмаматович журналист-иликтөөчү (макулдашуу боюнча);
    • Токтакунов Нурбек Акбарович укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
    • Турдукулов Адиль Ильясович журналист-иликтөөчү (макулдашуу боюнча);
    • Турусбеков Бактыбек Сагындыкович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышынын экс-депутаты (макулдашуу боюнча);
    • Убышева Эркингуль Мукашевна укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
    • Четимбаев Самсаалы Темирбекович жарандык активист (макулдашуу боюнча).

    Дача-СУдагы авиа кырсыкты иликтөө боюнча коомдук комиссия түзүлөрүн Садыр Жапаров 8-майда айткан. Ал бул иш боюнча тергөө «абдан начар жана жай жылып жататканын», ал эми тергөөчүлөр «көп нерселерди жашырып жатышы мүмкүн» деп белгилеген.

    «Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз», — деп үндөгөн Жапаров.

    Дача-СУдагы каргаша

    «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак 2017-жылы январда Дача-СУ кыштагына кулаган. Учак Гонконгдон Стамбулга учуп бара жаткан жана Бишкектин «Манас» аэропортунан май куюп алышы керек болгон. Учак аэропортко жетпей, аба майданга жакын жайгашкан кыштакка кулап, 26 үйдү бузган.Учактын кыйрашынан улам экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам курман болгон. Кыргызстандын бийлиги келтирилген зыянды 186 млн сомдон ашуун деп баалаган.

    Кулаган учактын кыймылдаткычы. Сүрөт: Тилек Бейшеналы уулу / Kloop.kg.

    Набыт болгондордун үй-бүлөлөрү менен жабыркагандарга учакка ээлик кылган ACT Airlines түрк компаниясы менен Кыргызстандын бийлиги кун төлөп берген. Бирок бийлик жабыркагандардын коопсузугу үчүн төлөнүп берилген кундардын өлчөмүн ачыктаган эмес.

    2017-жылдын апрелинде Дача-СУ кыштагынын тургундары митингге чыгып, аларды коопсуз жайга көчүрүүнү талап кылышкан. Бийлик анда көчүрүү маселеси «өкмөттүк деңгээлде челилерин жана ушундай сыяктуу эле башка турак жай аймактары менен кошо артыкчылыктуу тартипте караларын» билдиришкен.

    Бирок көчүрүү маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Ал арада Дача-СУда учак кыйроосунан эки жыл өткөн соң жерлер сатылып, үйлөр курула баштаган, бул болсо мыйзамсыз.

    Кийин Эл аралык авиациялык комитеттин авиакырсыктарды иликтөө боюнча комиссиясы Бишкектин кыштагына кулаган «Боинг-747» учагы боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялаган.

    Иликтөөгө чейин айтылып келген аба ырайы (учак кулаган күнү катуу туман болуп турган), учак техникалык жактан оң эмес болчу делген алдын ала версиялар туура эмес болуп чыккан.

    Эксперттердин айтымында, кыргыз диспетчерлери борт конууну суранганда баарын талапдагыдай аткарышкан. Учактын кырсыгына экипаждын кабыл алган чечими себеп болгон.

    Отчётто белгиленгендей,учактын кырсыкка учурашына төмөнкү факторлор себеп болгон: «экипаж “Манас” аэродромуна учар алдында схемаларды көрүп алдын ала жетишерлик даярданган эмес» жана «экипаж кеменин учуу бийиктигин азайтуу параметрлерин тандоодо ылайыктуу келбеген чечимди кабыл алган».

    Тема боюнча окуңуз: «Учак кыйрагандан кийин аман калдык». Дача-СУдагы үй-бүлө каргашалуу окуяга кантип күбө болгон?

    «Боинг-747нин» кыйрашы: кырсыктан кийинки алгачкы 12 саат

    Жашоо жана өлүм: Дача-СУ авиакырсыкка чейин жана андан кийин

    Дача-СУ: «Боинг-747» кыйраган жерге набыт болгондордун элесине арналган эстелик орнотулду