Минкабга Коммерциялык эмес уюмдарды каржылоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл албоо өтүнүчү айтылды

40тан ашык бейөкмөт уюм минкабга кайрылып, «Коммерциялык эмес уюмдар жана жарандык коомдун башка институттары үчүн мамлекеттик чакан гранттар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» долбоорду илгерилетүүнү токтотуп турууну суранышты.

Билдирүүдө документтин долбоорун кабыл алуу бейөкмөт секторду бийликтин иш-аракеттерин колдогон жана колдобогондорго бөлүү максатын көздөйт деп белгиленет.

Коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) өкүлдөрү бул нерсе келечекте укук коргоочу сектордун айрым өкүлдөрүн башкаларына карата дискриминациялап, алардын бенефициарларларынын укуктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн деп эсептешет.

Мындан тышкары, сунушталган документтин долбоорунда юридикалык дал келбестиктер көп, ал эми аны документтеги мүчүлүштүктөрдөн улам ишке ашырууга кыйын болот.

«Буга байланыштуу, долбоор көз карандысыз, айрыкча укук коргоочу жана антикоррупциялык органдар тарабынан экспертизанын атайын түрлөрүнөн өтүшү керек», — деп белгилешти КЭУнун өкүлдөрү.

Бирок билдирүүдө «жалпысынан жарандык коом мамлекеттин жарандык секторду каржылоо ниетин кубаттары», бирок ал үчүн тийиштүү шарттар түзүлүшү керек деп айтылат.

«Бул мамлекет менен жарандык коомдун өнөктөштүк концепциясын кеңири талкуулоо керек дегенди туюндурат. Кызматташтыктын концептуалдык максаттары менен милдеттерин талкуулабай туруп мындай документтерди иштеп чыгуунун өзү максатка ылайык болбой калат», — дешет КЭУнун өкүлдөрү.

Кайрылууга 40тан ашык коомдук уюмдун жетекчилери кол койгон, алардын катарында «Кылым шамы», «Жалпы иш» («Общее дело»), «Интербилим», «Адилет» укуктук клиникасы жана башкалар бар.

Коммерциялык эмес уюмдарды бюджеттен каржылоо

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында минкабдын сайтына коммерциялык эмес уюмдарга мамлекеттик чакан гранттарды берүү үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору жайгаштырылган. Долбоорду Юстиция министрлиги иштеп чыкканы көрсөтүлгөн, бирок мекеме долбоордун автору эместигин билдирген.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде акыркы учурда президент Садыр Жапаров менен минкабга «каршы багытталган» сындар күчөгөнү айтылган. Долбоордун авторлорунун пикиринде, бул аталган уюмдарды мамлекеттик бюджеттен каржылоо жоктугуна байланыштуу. Юстиция министрлигинин пикиринде, сындар менен кошо бийликке болгон ишеним маселеси боюнча «критикалык изилдөөлөрдүн» жыйынтыктарын изилдөө жана жайылтуу менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарды каржылоо да күчөп бара жатат. Документте айтылгандардын далили жок.

Долбоор КЭУну каржылоо аркылуу мамлекеттин кызыкчылыгын коргоону сунуштайт. Документке ылайык, каржылык колдоо алган коммерциялык эмес уюмдар бир тараптуу маалымат берилбеши үчүн жарыяланган «сын материалдарга» каршы аракеттенишет.

Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 100 млн сом бөлүү сунушталууда. Ошол эле учурда бир долбоорго бөлүнүүчү гранттын максималдуу суммасы 3 млн сомдон ашпашы керек. Грант кимге берилерин минкаб тарабынан түзүлгөн атайын гранттык комиссия аныктайт. Курамына президенттин администрациясынын, министрликтердин жана ведомстволордун, Башкы прокуратуранын, Эсептөө палатасынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирмекчи.

Тема боюнча окуңуз: Юстиция министрлиги коммерциялык эмес уюмдарга чакан грант берүү долбооруна тиешеси жоктугун айтты