Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына Сталбек Төрөбек уулу жетекчи болду

Сталбек Төрөбек уулу

Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп Сталбек Төрөбек уулу дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койду.

Маалыматка караганда, Төрөбек уулу буга чейин акыйкатчы аппаратынын түштүк аймагындагы бөлүмүндө башкы адис, бир катар мекемелерде юрист болуп иштеген.

Ошондой эле Салык кызматынын Ош шаарындагы башкы инспектору, президенттин түштүк резиденциясынын директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Аталган кызматтын буга чейинки башчысы Алтынбек Пирматов 28-февралда «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалган.

Буга Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги эң чоң жарнамалык билбордду «мыйзамсыз бузуу» тууралуу иш себеп болгон.

Муниципалдык башкармалыктын башчысынын жактоочусу Пирматов айыптоолор менен макул эместигин билдирген. Мурдагы жетекчи 2-мартта үй камагына чыгарылган.

Оштогу эң чоң жарнамалык тактайчанын демонтажы

Алтынбек Пирматов жетектеп турганда муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери 2019-жылдын октябрында калаадагы эң чоң жарнамалык тактайчаны бузган. Анда билбордго ээлик кылган «Инсайдер» ЖЧКсынын жетекчиси Алмаз Төлөмүшов мэриянын аракетин «мыйзамсыз» деп айткан.

Шаар бийлиги билбордду бузуп баштаганда Ош облустук райондор аралык соту тактайчаны бузууга тыюу салган. Бирок буга карабастан демонтаж аягына чейин чыгарылган.

Ал эми Пирматов тактайчаны бузууга атайын комиссиянын корутундусу негиз болгонун билдирген.

«Бул тактайча бузууга жатат. Анткени ал орнотулган күндөн тарта анын ээлери антикоррозиялык тазалоо кылган эмес, мындан улам ал дат басып кетти», — деген Пирматов.

Көп өтпөй мэрия бузулган билборддун ордуна жаңы жарнамалык тактайчаны орнотуп, аны «Нурзаман» курулуш компаниясына ижарага берген. Ош шаардык мэриясынан ижара акысы 2 млн сомду түзөрүн билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы кармалды