Өзгөндө жол кырсыгынан бир үй-бүлөдөн үч адам каза болду, алардын экөө жаш бала

11-майда Бишкек — Ош унаа жолунда авто кырсыктан үч адам көз жумду, арасында 5 жана 6 жаштагы тестиер балдар бар. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны башкара албай каршы тилкеде келе жаткан «Тойота Ленд Крузер-200» унаасы менен кагышкан. Кырсыктан «ДЭУ Матиздин» айдоочусу жана анын уулу менен кызы каза таап, 30 жаштагы жубайы ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле, мекемеден «Тойота Ленд Крузер-200» унаасынын айдоочусу менен 16 жаштагы жүргүнчүсү дагы ооруканада экенин белгилешти.

Бул факты Өзгөн райондук милициясына каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

ИИМдин маалыматына ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 6-60-чакырым бөлүгүндө үстүбүздөгү жылдын төрт айында 74 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 12 адам көз жумган. Кырсыктын кесепетинен 96 адам ар кандай жаракат алган. Аны менен катар, ИИМден түн ичинде жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар көп катталып жатканын, буга көчөлөрдөгү жасалма жарыктандыруунун жоктугу дагы себепкер экенин белгилешкен.

Тема боюнча:

Бишкекте өрт өчүрүү кызматынын унаасы аралашкан жол кырсыгы катталды

Бишкекте үч унаа катышкан ири жол кырсыгы катталды, жабыркагандар бар