Нурийла Шериева саламаттык сактоо министринин орун басары болду

Нурийла Шериева

Саламаттык сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунун жетекчиси Нурийла Шериева саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу 12-майда белгилүү болду.

Бул кызматта Шериевага чейин Бакыт Жангазиев иштеген. Ал отставкага кетип, себеби айтылган жок.

Шериева ким?

Нурийла Шериева 38 жашта. Ал Саламаттык сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунун жетекчиси болуп өткөн жылдын июнунда дайындалган.

Ага чейин Ош шаардык Тез жана кечиктирилгис медициналык жардам станциясында башкы дарыгер болуп иштеген.

Шериева Тез жардам кызматында иштеп жүргөн учурда Ош шаардык кеңешине 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан катышмакчы болгон. Бирок БШК аны каттоого алуудан баш тарткан.

Ошондой эле Шериева Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда, Ош шаардык ооруканасында да эмгектенген. Мындан сырткары ОшМУнун медицина факультетинде окутуучу болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Тез жардам станциясын жетектеген Шериева кызматынан жогорулады