КТРКнын макамы «улуттук» деп өзгөрдү. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров 13-майда Коомдук телерадио берүү корпорациясынын макамын «коомдуктан» «улуттукка» өзгөртүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду.

Президенттин администрациясынан мыйзам өлкөнүн маалымат мейкиндигинде жана мамлекеттик маалыматтык саясатты ишке ашыруудагы телерадио уюмунун ролун жана ордун аныктайт деп түшүндүрүштү.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, документ редакциялык саясатты өз алдынча аныктоо үчүн шарттарды түзүүгө, маалыматтык продукциянын (контенттин) сапатын жогорулатууга, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкаруу чечимдерин өркүндөтүүгө багытталган.

Жогорку Кеңеш мыйзамды ушул жылдын 6-апрелинде кабыл алган.

КТРКны реформалоо жана ага карата сындар

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Коомдук телерадиоберүү корпорациясын (КТРК) реформалоо тууралуу мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна жөнөткөн. Долбоор Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган.

Мыйзам долбоорунда КТРКны кайрадан «улуттук» телеканал кылуу демилгеленген.

Анда корпорациянын байкоочу кеңешин таратып, ал эми жетекчисин дайындоо укугун президентке берүү сунушталган. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Маданият министрлиги болгон.

КТРК Кыргызстандагы эң ири телерадиоберүү компаниясы болуп эсептелет, аны каржылоо үчүн бюджеттен жылына 350-400 млн сом акча бөлүнөт.

КТРКны реформалоо тууралуу маселе 2021-жылы эле айтыла баштаган.

Президент Садыр Жапаров 23-октябрда КТРКнын байкоочу кеңеши алдына коюлган милдеттерди аткарбай жатканын билдирген.

«Канал мамлекеттин ишин кылышы керек, жеке кызыкчылыктар үчүн эмес. Мамлекеттин идеологиясын чагылдырып, социалдык көрсөтүүлөрдү бериши керек», — деген ал.

Массалык коммуникациялар департаментинин башчысы Салкын Сарногоева нобярда КТРКнын макамы жөнүндөгү мыйзамдын долбоору «президенттин 2021-жылдын 5-майындагы тапшырмасына ылайык» иштелип чыкканын түшүндүргөн.

Сарногоеванын айтымында, корпорациянын башкы директорун шайлоодо байкоочулук кеңеште «өтө чоң коррупциялык көрүнүш» болгон.

29-октябрда «Медиа Полиси Институту» 15 медиа, журналисттер жана редакторлор кол койгон медиакоомчулуктун кайрылуусун жарыялаган. Анда алар маданият министрлигинен «Кыргыз телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну өтүнгөн.

Медиакоомчулук «сунушталган мыйзам долбоорунда демократиялык принциптер толугу менен жокко чыгып, коомчулук телеканалдын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй албай калат деген пикирде. Ал эми журналисттер телерадиокорпорация мамлекеттик болуп өзгөртүлгөндөн кийин кайрадан бийликтин аянтына айланат деп эсептешет.