Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери жолукту

Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сирожиддин Мухриддинов 13-майда КМШ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин саммитинде Дүйшөмбү шаарында жолугушту.

Маалыматка ылайык, министрлер кыргыз-тажик кызматташтыгы маселесин талкуулап, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечүүгө даяр экенин билдиришти. Мындан тышкары, эки тарап тең топографиялык жумушчу топторунун жолугушууну улантып туруусу маанилүү экенин белгилешти.

Ошондой эле алар эки өлкөнүн аймагында кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын кызыкчылыктарынын корголушу маселесин да талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер жакын арада жогорку деңгээлдеги иш-чара уюштуруу боюнча пикир алмашышты.

Буга чейин эки өлкөнүн президенттери кыргыз-тажик чек арасынын 664 километри такталып бүткөнүн билдиришкен.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 километр чек ара тилкеси бар, анын 308 километри тактала элек.

Жапаров «менин көз карашымда тактоо иштери жай жүрүп жатат» деп билдирген.

Чек аранын аныкталбаган тилкелериндеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам чектеш айыл-кыштактарда байма-бай кагылышуулар болуп турат.

Акыркы куралдуу чыр 12-апрелде чыккан.

Анда кыргыз тараптан жалпы алты киши жабыркап, чек арага чектеш айылда жашаган 18 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Ал эми тажик тараптан бир аскер жарадар болуп, кийинчерээк каза болгону айтылган.