Алексей Ширшов деген ким жана бийлик аны менен эмне үчүн кызматташып жатат?

«Дастан трансулуттук корпорациясы» ААКнын мурдагы башчысы Алексей Ширшов энергетика тармагындагы «коррупциялык схеманын автору» деп аталып келет. Ал Максим Бакиевдин эң жакын досу болуп эсептелет. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Ширшов өлкөдөн качып чыгып кеткен. Ага сыртынан айып тагылып, эл аралык издөөгө берилген.

10-майда УКМК Ширшовду коррупцияга шектеп кармаган. Бирок ошол эле күнү ал атайын кызматтын өтүнүчү менен үй камагына чыккан. Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Ширшов тергөө менен кызматташып жатканын жана Максим Бакиев өлкөдөн чыгарып кеткен акчаларды кайтарууга жардам берерин айткан. Бул видеодон Ширшов деген ким экенин түшүндүрүп беребиз.